«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
13-августта Нарын облусунда 2027-жылдагы Ажылык сапарына байланыштуу алгачкы жыйын өткөрүлдү. Иш-чараны Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) Ажылык бөлүмүнүн адистери өткөрүп, алдыдагы сапарга даярдык боюнча маанилүү маалыматтарды беришти.
Жыйынга КМДБнын Ажылык бөлүмүнүн адистери Самидин ажы Мамаев жана Адилет ажы Сыдыков, КМДБнын Нарын облусундагы өкүлү Нуридин ажы Мамасабиров, облустагы жалпы баш имам-хатибдер, айыл өкмөттөрүнүн имамдары катышты.
Жыйында 2027-жылдагы Ажылык сапарына даярдык көрүү, ажылыкка барууга ниеттенген жарандарга керектүү маалыматтарды өз убагында жеткирүү жана уюштуруу иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды.
КМДБнын өкүлдөрү ажылык сапарына байланыштуу жаңы талаптар жана жүргүзүлүп жаткан даярдыктар тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле дин кызматкерлерине жергиликтүү тургундарга зарыл маалыматтарды өз убагында жана так жеткирүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Иш-чаранын жүрүшүндө имамдар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, аларга тиешелүү жооптор айтылды. Мындан тышкары, алдыдагы ажылык иштерин уюшкандыкта жүргүзүү боюнча пикир алмашуу болду.