«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 12.08.2026
  • |

Самидин кары Атабаев КМДБнын Өкүлчүлүктөр, хатибияттар, мечиттер, имамдар жана курулуш бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Самидин кары Атабаев Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Өкүлчүлүктөр, хатибияттар, мечиттер, имамдар жана курулуш бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду. Самидин кары Атабаев буга чейин Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү кызматын аркалап келген. 

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын эмгек жамааты Самидин кары Атабаевдин жаңы дайындалган кызматына ийгиликтерди каалайт.