«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 11.08.2026
  • |

Ноокатта жалпы имамдарга Ажылык боюнча жыйын өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы "Бостон" мечитинде райондогу жалпы имамдарга Ажылык боюнча жыйын өткөрүлүп, онлайн форматта кантип катталуу керектиги боюнча түшүндүрүлдү.

Аталган иш-чарада КМДБнын ажылык бөлүмүнүн адиси Абдулазиз ажы Туташбаев, Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуров менен Ош шаарындагы өкүлү Убайдулла ажы Сарыбаев өз баяндамаларын жасашты.

"Ажылыкка катталуу мамлекеттик санариптик системасы аркылуу жүзөгө ашырылат. Ажылыкка баруу үчүн талапкерлер баштапкы төлөмдөрүн банкта кезек күтүп эмес,  ар кайсыл жерде онлайн форматта төлөө мүмкүнчүлүгү жаралууда. Бул маалыматты элге жеткирүүдө дин кызматкерлери жардам берүүсү зарыл. Ар бир намазда мечитке келген жамаатка онлайн форматта катталуу боюнча жеткириңиздер. Толук түшүндүрө албасаңыздар, анда муфтияттын социалдык баракчасына катталып, ар бир чыккан жаңылыкка көңүл буруп турууну айтыңыздар"- деди Султанали ажы Гапуров.

Айта кетсек, 9-августь күнү Өзгөн менен Кара-Кулжа районунун имамдарына жыйын өткөрүлгөн. Ал эми кечээ 10-августь күнү Ош шаары жана Ош облусунун Кара-Суу, Араван, Алай жана Чоң-Алай райондорунан келген дин кызматкерлерине жыйын өткөрүлдү.