«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
1. 2027-жылдагы Ажылыкка каттоо «Ажылык» мамлекеттик санарип системасы тиркеме аркылуу жүргүзүлөт.
2. Электрондук идентификациялык картасы (eID), же ID-карт.
3. Ажылык наркынын ичинен ар бир ажыга баруучу алдын ала алгачкы бекитилген (180 миң сомду) электрондук капчык аркылуу төлөө;
4. Аял киши үчүн махрамдын болуусу.
2027-ЖЫЛЫ АЖЫЛЫККА КАТТАЛГАНДАН КИЙИНКИ ТАЛАП КЫЛЫНГАН ИШ КАГАЗДАРЫ:
1. Тышкы паспорту.
• Тышкы паспорттун жарамдуулук мөөнөтү 2028-жылдын 1-январына чейин болуусу.
2. (3х4) көлөмүндөгү 4 даана сүрөт. (Зарылчылык болгон учурда)
• (Сүрөт түстүү, ак фондо, жылтырабаган (матовый) кагазда болуусу шарт).
• (Аялдар үчүн сүрөткө ак жана кара жоолук, ал эми эркектер ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт.
3. №086у формасындагы медициналык аныктама, Психиатрдан жана Наркология бөлүмүнөн оорулуу эместигин тастыктаган аныктама.
4. Персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун берген катка булуттук электрондук кол тамга. (түндүк аркылуу).
5. Ажыга баруучунун кийим размери жана жеке телефон номери талап кылынат.
6. Ажылыкка баруучу жарандын жашы каттоо учурунда 18 жаштан төмөн болбоосу шарт.
7. Аял киши үчүн махрамдын болуусу. (Махрамдыгын тастыктоочу иш кагаздарын жүктөө).
Эскертүү:
• 2027-жылы ажылыкка баруучу жарандар Муфтият тарабынан жарыяланган мөөнөттүн ичинде каттоодон өтүүгө тийиш. Андан кечиккен жарандар каттоого алынбайт.
• Эгер төлөм учурунда ажылыкка берилген орундар (квоталар) толуп калса “Ажылык” мамлекеттик санариптик система автоматтык түрдө төлөм кабыл алууну белгиленген мөөнөттөн мурда токтотот.
• Сауд Араб Падышалыгы тарабынан же САПтын ажылык базасынан (Нусук Масар платформасы), виза алуу учурларда, мурда ажыга барган талапкерлерге калькуляциядан тышкары кошумча төлөмдөр пайда болсо, ажыга баруучу талапкер өзү төлөйт.
• Жогорудагы талаптар өзгөртүлсө же кошумчаланса маалымдайбыз.