“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Общество | 08.07.2026
  • |

КМДБнын Ысык-Көл облусунун өкүлчүлүгүндө алгачкы ирет кеңири китепкана ачылды

КМДБнын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө атагы алыска кеткен залкар аалымдардын эмгектеринин келиши биз үчүн чоң шарапат жана сыймык. Анткени аалым китеп жазууда өзүнүн топтогон илимин, көз карашын, багытын жана түшүнүгүн окурманга баяндайт. Ошондуктан аалымдардын китептери алардын илимий мурастарын кийинки муундарга жеткирген баалуу казына болуп эсептелет.
Азирети Чубак ажы (Алла Таала ырайымына алсын): «Менин китепканамда бүткүл аалымдар бар» деп айткан эле. Ар бир китепте аалымдардын илими, тажрыйбасы, көз карашы жана өмүрлүк эмгеги камтылган.
 
Бул алтындан да кымбат руханий байлыкты райондордон топтоп, бир жерге жыйнап, өзүнчө китепкана түзүүгө жетиштик. Бул жетишкендик биз үчүн чоң сыймык. Бүгүнкү күндө аталган китепкана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн эң баалуу жана маңыздуу байлыгы болуп саналат. Бул китепкана диний илимди өнүктүрүүгө, имамдардын жана илим талапкерлеринин билимин арттырууга кызмат кыла турган руханий казына болуп каларына ишенебиз.
 
Бул китептерди ар кайсы жерлерден, чаң басып калган текчелерден издеп таап, чогултуп келдик. Алтын балчыкка түшсө да өзүнүн баасын жоготпогондой эле, бул китептер да убакыттын өтүшү же көңүл сыртында калуусу менен өзүнүн наркын жоготпойт.
Китептин кадырын, илимдин баркын түшүнгөн адам үчүн мындай эмгектер алтындан да кымбат байлык болуп саналат.