“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Өзбекстандын Ташкент, Самарканд жана Термез шаарында I Эл аралык ислам цивилизациясы форуму өтүүдө.
Иш-чарага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Аалымдар Кеңешинин алдындагы текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов, ошондой эле 50дөн ашуун өлкөдөн 300гө жакын мамлекеттик ишмерлер, окумуштуулар, диний лидерлер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Форумдун негизги максаты — ислам цивилизациясынын чыныгы гуманисттик маңызын, анын илимге, маданиятка жана руханий өнүгүүгө кошкон зор салымын дүйнөлүк коомчулукка таанытуу, ошондой эле тынчтык, толеранттуулук жана агартуу баалуулуктарын жайылтуу.
Форумдун алкагында пленардык жыйындар, эл аралык илимий конференциялар, сейрек кол жазмалардын көргөзмөлөрү, жаңы илимий жана санариптик долбоорлордун бет ачарлары өтүп жатат.
Жыйынтыгында Ташкент декларациясы кабыл алынып, ислам цивилизациясынын мурасын изилдөө, сактоо жана дүйнөгө жайылтуу боюнча жаңы эл аралык кызматташтык демилгелери сунушталат.