“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Общество | 04.07.2026
  • |

Түрк мамлекеттер уюмунун Фатва комитетинин жыйыны Түркияда өтүүдө

Турк мамлекеттер уюмунун  Фатва комитетинин кезектеги жыйыны Түркиянын Бурса шаарында болуп жатат. Жыйынга Азирети муфтийдин орун басары Рафаил ажы Татиков КМДБнын алдындагы илимий изилдөө институтунун директору Самаган ажы Мырзаибраимов катышууда.
Иш-чаранын күн тартибинде бир нече маселелер каралууда. Алсак:
1. Мусулман экендиги белгилүү болгон адамды такфир кылуунун өкүмү кандай?
2. Жума намазынын туура болушунун шарттары бүгүнкү күндүн шартында фикхий жактан кандай бааланат?
3. Зыйнат буюмдары болгон алтын жана күмүштү насыяга сатуу жаизби?
4. Кардардын пайыздык насыя аркылуу үй сатып алуусунда сатуучунун жоопкерчилиги барбы?
5. ДНК аркылуу насепти аныктоо же жокко чыгаруу жаизби?
6. Крипто активдерден киреше табуунун өкүмү кандай?
7. Исламда никеге турууга үндөө, никени кечиктирүүнүн себептери жана никеге тоскоол болгон жагдайлар.
8. Исламдын илим жана технологияга болгон мамилеси.
Иш-чаранын жүрүшүндө Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн атынан барган ар бир катышуучу ойлорун ортого салышып, бир катар талкуулар жүрдү.