“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Общество | 02.07.2026
  • |

Кызыл-Кыя шаарында имамдар Куранды туура окуу боюнча экзамен тапшырышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдилазиз кары Закировдун «40 кадам» программасынын алкагында имамдардын билим деңгээлин жана кесиптик квалификациясын жогорулатуу максатында уюштурулган «Куранды туура окуу» багытынын биринчи баскычы боюнча Кызыл-Кыя шаарынын имамдары сынак-экзамен тапшырышты.

Экзаменге Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Баткен облусундагы өкүлү Муратали кары Мамадияр уулу катышып, имамдардын Куран окуу деңгээлин жеке өзү да баалады. Ошондой эле атайын карылардан турган комиссия түзүлүп, катышуучулардын билим деңгээли белгиленген талаптардын негизинде текшерилди.

Экзамендин жүрүшүндө имамдардын Куран аяттарын тажвид эрежелерине ылайык туура жана так окуусу, сүрөлөрдү жатка айтуусу, ошондой эле окуудагы каталарга көңүл бурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Муратали кары Мамадияр уулу имамдардын жоопкерчилиги өзгөчө чоң экенин белгилеп, Куранды туура окуунун маанисине токтолду.

«Ар бир имамдын артында жүздөгөн мусулмандар намаз окушат. Ошондуктан намаздын туура аткарылышы жана кабыл болушу үчүн намазда окулган Курандын тажвид эрежелерине ылайык так окулушу өтө маанилүү. Биз ар бир имам "Фажр" сүрөөсүнөн "Нас" сүрөөсүнө чейин тажвид эрежелери менен жаттап, туура окуй билиши керектигин талап кылып келебиз. Арабызда фикх илимин мыкты өздөштүргөн имамдарыбыз бар. Эми ага кошумча Куранды да бардык эрежелери менен туура окууну өздөштүрсөк, элдин ибадатынын туура аткарылышына чоң салым кошкон болобуз», – деди облус казысы.

Белгилей кетсек, Азирети Муфтийдин «40 кадам» программасынын алкагында өткөрүлүп жаткан мындай сынактар имамдардын диний билимин өркүндөтүүгө, Куранды тажвид эрежелерине ылайык туура окуу маданиятын калыптандырууга жана диний кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган.