«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 11.08.2026
  • |

КМДБ Ошто медресе жетекчилерине жаңы окуу программаларын тапшырды

Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» борбордук мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы (КМДБ) тарабынан медреселердин жетекчилери жана дин кызматкерлери үчүн жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга Азирети муфтийдин орун басары Рафаил ажы Татиков, КМДБнын Диний окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, Ош шаарынын, Араван, Алай жана Чоң-Алай райондорунун имамдары катышты.

Иш-чарада 2026–2027-окуу жылына карата жаңыланган Типтүү окуу программалары тааныштырылып, медресе жетекчилерине тапшырылды. Программалар медреселердеги окуу процессин бирдиктүү системага келтирүүгө, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана студенттердин билимин баалоонун бирдиктүү критерийлерин киргизүүгө багытталган.

Жаңы программада Ханафий мазхабынын жана Матуридий акыйдасынын негиздерин тереңдетип окутууга, ошондой эле ислам дининин сабырдуулук, ынтымак, мекенчилдик жана адеп-ахлактык баалуулуктарын кеңири үйрөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Мындан тышкары, жыйында медресе мугалимдеринин санариптик сабаттуулугун жогорулатууга багытталган «Медресе мугалимдерин санариптик билимдерге окутуу жана IT тармагына даярдоо» долбоору тааныштырылды.

Үч айлык долбоордун биринчи этабы 7-августтан октябрь айына чейин өткөрүлөт. Анын алкагында мугалимдерге санариптик технологияларды жана заманбап окутуу куралдарын билим берүү процессинде колдонуу боюнча базалык билимдер берилет.

Жыйын соңунда медресе жетекчилерине жаңы окуу жылына сапаттуу даярдык көрүү, Типтүү программаларды талаптагыдай ишке ашыруу жана мугалимдердин санариптик окутуу курстарына активдүү катышуусун камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.