“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Коом | 29.07.2026
  • |

Жарыя! Умра менен алектенүүчү туроператорлорго!

Кыргыз Республикасынын «Дин эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин «Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Араб Падышалыгына (Ажылык жана Умра) зыяратын уюштуруу жана ишке ашыруу тартибине», ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын уставына ылайык, Сауд Араб Падышалыгына умра зыяратын уюштурууну каалаган туристтик компанияларын аккредитациялоо боюнча документтер 2026-жылдын 30-июлунан кабыл алууну баштайт.

Сауд Арабия Падышалыгына умра зыяратын уюштурууну каалаган Умра операторлорунун аккредитациядан өткөрүү боюнча тизмеси
1.    Белгиленген форма боюнча арыз (үлгү тиркелет) 
2.    Уюштуруу документтери (күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр): устав, юридикалык жактын каттоо жөнүндө күбөлүгү, Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө.
3.    Каржылык документтер: банктык кепилдиктин же камсыздандыруу депозити жөнүндө келишимдин көчүрмөсү, банктык кепилдик: минималдуу суммасы — 500000 сом, аракети мөөнөтү — кеминде 12 ай. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы бар банк тарабынан берилген; 
Камсыздандыруу депозити: минималдуу суммасы — 500000 сом, аракети мөөнөтү — умра операторунун аккредитация мезгили. Ыйгарым укуктуу банктагы өзүнчө эсепте жайгаштырылат.
4.    Салыктар жана жыйымдар боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалымкат.
5.    Кадрлар жөнүндө документтер: кызмат орундары көрсөтүлгөн кызматкерлердин тизмеси, араб же англис тилин билгендиги жөнүндө дипломдордун жана сертификаттардын көчүрмөлөрү.
6.    САПдагы кабыл алуучу тарап менен келишимдер (же тастыкталган өнөктөштүк макулдашуулар): мейманкана менен (мөөнөттөрү, категориясы, бөлмөлөрдүн саны), транспорттук компаниялар менен, медициналык камсыздандыруу келишими (полистин үлгүсү).
7.    Комиссия тарабынан бекитилген типтик формага ылайык зыяратчы менен түзүлүүчү келишимдин үлгүсү.
8.    Жетекчинин жана уюштуруучулардын соттолгондугу жоктугу жөнүндө маалымкат.
9.     Уюштуруу жыйымын төлөөгө даяр экендиги жана тартипте каралган бардык талаптарды аткаруу жөнүндө белгиленген форма боюнча, арыз ээсинин мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлгөн расмий макулдугу жана милдеттенмеси).

Документтер КМДБнын кеңсесинде жумуш күндөрү саат 09:00-17:00 кабыл алынат. 
Дарегибиз: Бишкек, Жибек-Жолу 264/3 (Болжолдуу дарек: Башкы «Имам Сарахсий» мечити)
Байланыш телефондору: 0505 20-40-30, 0551 20-40-30 
Эскертүү: Мурда аккредитациядан өтүп Умра менен алектенип жаткан фирмалар аккредитациясын жаңылоого тийиш.