“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Коом | 24.07.2026
  • |

2027-жылдагы ажылык жана умра иштерин уюштуруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи жыйыны өттү

2026-жылдын 23-июлунда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жыйындар залында 2027-жылдагы ажылык жана умра иштерин уюштуруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө комиссиянын курамы тааныштырылып, 2027-жылдагы ажылык жана умра сапарларын уюштурууга байланыштуу алдыда аткарыла турган иштер кеңири талкууланды.

Анын алкагында ажыларды каттоо, авиакомпанияны тандоо, эмдөө иштерин уюштуруу, ажылар үчүн бирдиктүү кемсел (жилет) даярдоо жана башка багыттар боюнча өткөрүлө турган конкурстардын мөөнөттөрү менен негизги талаптары белгиленди.

Мындан тышкары, 2027-жылдагы ажылыкка каттоо мурдагы жылдардан айырмаланып, жаңы тартип жана жаңы жобонун негизинде жүргүзүлөрү маалымдалды. Каттоо Бирдиктүү санариптик система аркылуу жүргүзүлүп, жарандар iOS жана Android платформалары үчүн иштелип чыккан «Умра-Ажылык» мобилдик тиркемеси аркылуу каттала алышат.

Ошондой эле жыйында умра иштерин уюштурууга байланыштуу түзүлгөн келишимдердин мөөнөтү аяктап жаткандыгына байланыштуу маселелер каралды. Анын алкагында умра кызматын көрсөтүүнү каалаган компанияларды аккредитациялоо, келишимдерди жаңылоо, ошондой эле жаңы талаптарды жана тартиптерди иштеп чыгуу боюнча сунуштар талкууланды.