“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Ассаламу алейкум урматтуу мусулман бир туугандарым! Кадырлуу кадырман калың журт!
Мусулман-кыргыз эли илгертен эле сабырдуу, даанышман, акылгөй, кыраакы улут болгон. Кандай гана кырдаал болбосун, сабыр сактап, акылга салып, анан гана чечим чыгара билген. Улутубуздун бүгүнкү күнгө чейин сак-саламат жашап келе жатканына балким элибиздин ушул асыл сапаты себеп болгондур.
Соңку учурларда, маал-маалы менен журт ынтымагын, коом биримдигин бүлдүрүү максатында фитна толкуну жүрүп жаткандай. Ар кандай фейк-маалыматтар коомду удургутуп, элди дүрбөлөңгө салууда. Мындай карасанатай тузактарга ичинде кири жок, айрым карапайым замандаштарыбыз ишенип алууда. Акыйкатта, угулган ар бир эле сөз, окулган ар бир эле кабар чындык болбой калышы мүмкүн. Дал ушундай учурда жалган маалыматтарга алданып, кимдир-бирөөлөрдүн акысына кирип, кийин катуу өкүнүп калбайлы.
Алла Таала Ыйык Куранда мындай буйруйт:
يَٓا اَيُّهَا الَّذ۪ينَ اٰمَنُٓوا اِنْ جَٓاءَكُمْ فَاسِقٌ بِنَبَأٍ۬ فَتَبَيَّنُٓوا اَنْ تُص۪يبُوا قَوْماً بِجَهَالَةٍ فَتُصْبِحُوا عَلٰى مَا فَعَلْتُمْ نَادِم۪ينَ
“Оо ыйман келтирген пенделер! Эгер силерге бир бузуку адам кабар алып келсе, силер акыйкатты билбей туруп айрым бир коомго кайгы жеткирип коюп, анан кылган ишиңерге өкүнүп калбооңор үчүн ал алып келген кабарды жакшылап чын-төгүнүн териштирип, иликтегиле!” (Хужурат, 6).
Тарыхка кайрыла турган болсок, ар кандай ушак-айыңдардан, такталбаган кабарлардан кутумдар уюштурулуп, жаңжалдар чыгып, не бир сонун мыктылар ак жерден азап тарткан. Дал ошондой жалган кабарлардын айынан не бир сонун коомдор жапа чегип, артка кеткен.
Андыктан кадырман мусулман бир тууганым! Урматтуу мекендешим! Азыр тарап жаткан жалган кабарларга алданбайлы, фейк маалыматтарга ишенбейли. Дароо кызуу кандуулукка алдырып, кийин бармак тиштеп калбайлы.
وَذَكِّرْ فَاِنَّ الذِّكْرٰى تَنْفَعُ الْمُؤْمِنٖينَ
«Эскерткин! Эскертүү ыймандууларга пайда берет» (Аз-Заарият, 55) дейт Алла Таала. Бири-бирибизди жакшылыкка эскертип, жамандыктан, фитнадан, бүлгүндөн, дүрбөлөңдөн, жалган кабардан кайтаралы. Өзгөлөргө курал болуп калбайлы. Элдүүлүгүбүзгө, динибизге, мамлекеттүүлүгүбүзгө каршы салынган капкандарга түшпөйлү. Бөлүнүп-жарылбайлы.
وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللّٰهِ جَمٖيعًا وَلَا تَفَرَّقُواۖ
«Баарыңар Алланын жибин (динин) бекем кармангыла жана бөлүнүп-жарылбагыла» (Аали Имран, 103) деген аятын туу туталы.
Ала-Тоодой Мекенибиз, Кыргызстандай өлкөбүз бар. Улуулардын уңгулуу жолун улап, диний жана улутттук дөөлөттөрүбүздү бекем сактап, ынтымакта өмүр сүрүштү Жаратканым жалпыбызга насип кылсын.