“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Бүгүн, 24-июль күнү, Каракол шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында “Диним – Ислам, өлкөм – Кыргызстан”, “Муфтият кечээ, бүгүн жана эртең” аттуу көчмө жыйын өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, КМДБнын өлкө аймагындагы 9 облустук өкүлү, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асылбек Мамбетов, Муфтияттын кызматкерлери, Ысык-Көл облусунун баш имам-хатибтери жана имамдары, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө өлкөдөгү диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, салттуу ислам баалуулуктарын жайылтуу, коомдогу ынтымакты бекемдөө, диний сабаттуулукту жогорулатуу жана дин кызматкерлеринин жоопкерчилигин арттыруу маселелери кеңири талкууланды.
Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров өз баяндамасында Муфтият тарабынан өлкө аймагында жүргүзүлүп жаткан иштер, калктын диний сабаттуулугун жогорулатуу, жаштарды туура нукта тарбиялоо, ошондой эле мамлекеттик органдар менен кызматташуунун алкагында жүзөгө ашырылып жаткан демилгелер тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле ал дин тармагындагы биримдикти бекемдөө, салттуу ислам баалуулуктарын жайылтуу жана мамлекеттик саясат менен шайкеш иш алып баруу бүгүнкү күндүн башкы милдеттеринин бири экенин белгиледи.
Мындан тышкары, жыйындын катышуучуларына Муфтияттын өткөн мезгилдеги ишмердүүлүгү, бүгүнкү күндө аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берилип, дин тармагындагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо боюнча пикир алмашуу болду.
Иш-чаранын соңунда дин тармагын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана жигердүү кызматташтыгы үчүн бир катар баш имам-хатибтер, көп жылдан бери имамдык кызматты аркалап келген имамдар жана мамлекеттик кызматкерлер Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төш белгилери, Ардак грамоталары жана Ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.