«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 14.08.2026
  • |

Чүйдө ажылык боюнча түшүндүрүү жыйыны өттү

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылындагы «Абу Бакр ас-Сыддык» мечитинде имамдардын катышуусунда ажылыкка байланыштуу түшүндүрүү жыйыны өткөрүлдү.

Жыйынга КМДБнын Ажылык бөлүмүнүн адиси Хамидулло Садиллаев, Азирети Муфтийдин Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары Азатбек Абытов жана аймактагы имамдар катышышты.

Жыйында ажылыкка талапкерлерди каттоо тартиби, онлайн катталуу, баштапкы төлөмдөрдү жүргүзүү, ошондой эле ажылыкка байланыштуу жаңы талаптар жана расмий маалыматтар тууралуу кеңири түшүндүрмөлөр берилди.

Белгиленгендей, ажылыкка катталуу мамлекеттик санариптик система аркылуу жүргүзүлөт. Ошондой эле талапкерлер үчүн баштапкы төлөмдөрдү банкта кезек күтпөстөн, ар кайсы жерден онлайн форматта төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө.

Мындан сырткары, имамдарга ажылыкка байланыштуу расмий жана актуалдуу маалыматтарды жарандарга өз убагында, так жана туура жеткирүүнүн маанилүүлүгү айтылды.

Жыйындын соңунда дин кызматкерлерине ажылыкка байланыштуу маалыматтарды эл арасында кеңири түшүндүрүү, ал эми жарандарга КМДБнын расмий социалдык баракчаларында жарыяланган маалыматтарды үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турууну сунуштоо тапшырылды.