"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Кечээ, 16-апрелде «Табиятка кам көрүү аркылуу руханий баалуулуктарды сактоо» аталышындагы Бишкек шаарын жашылдандыруу кыймылынын алкагында Кыргызстан конфессиялар аралык кеӊешинин мүчөлөрү Бишкек шаарындагы Каражыгач сейил багына бак отургузушту.
Кыргызстан конфессиялар аралык кеңешинин ишмердүүлүгү алкагында уюштурулган экологиялык акция Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттик тарабынан демилгеленип Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеӊсесинин (мындан ары – ЕККУ), «MoveGreen» экологиялык коомдук уюмунун жана Кыргызстандагы диний уюмдардын колдоосу менен өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — ар кандай диний конфессиялардын өкүлдөрүн бир аянтчага бириктирүү аркылуу конфессиялар аралык диалогду чыңдоо, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык маданиятты өнүктүрүү болуп, жалпы 100 ашуун жарандар катышты.
Агенттиктин төрагасы Т.Н. Ташибеков ачылыш сөзүндө коомдогу ынтымакты бекемдөөдө жана жаратылышка аяр мамиле кылууда диний уюмдардын ролу чоң экендигин белгилеп, социалдык биримдикти чыӊдоодо Кыргызстан конфессиялар аралык кеңешинин ишмердүүлүгү өзгөчө маанилүү экендигин айтып өттү.
Ошондой эле иш-чарада ЕККУнун Бишкектеги программалык офисинин башчысы Фолькер Фробарт жана «МувГрин» коомдук фондунун өкүлү экологиялык жоопкерчилик жана коомдук биримдик маселелерине токтолушту.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар мындай иш-чаралар конфессиялар аралык диалогду бекемдөөгө, коомдогу ынтымакты чыңдоого жана жарандардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.