"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Общество | 17.04.2026
  • |

Аалымдар Кеңешинин кезектеги протоколдук жыйыны өттү

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши 10-протоколдук жыйынын өткөрдү.
 
Жыйында бир катар маанилүү маселелер каралып, чечимдер кабыл алынды:

1.    Ажылык сапарынын төлөмдөрү менен катар, ажыга баруучулар үчүн онлайн каттоону уюштуруу, талап кылынган документтерди оңой жол менен электрондоштуруу жана санариптик трансформациялоону өркүндөтүү максатында «Финик» төлөм системасына өтүү  боюнча тийиштүү чечим кабыл алынды. 

2.    КМДБнын карамагындагы карыларды (хафиздерди) даярдаган медреселерди 3 жылдык Куран жаттатуучу орто диний окуу жайдын статусуна өткөрүүгө макулдук берилди. 

3.    КМДБнын карамагындагы орто жана жогорку диний окуу жайлардын 2026-2027-жылга карата окуу программасына, предметтик адабияттар топтомуна, тагыраагы методикалык иштелмелерди түзүүгө макулдук берилди. 

4.    «Туңгуч» онлайн мектебинен чыгарылган медресе окуучуларынын билим алууну улантуусун камсыздоо боюнча тийиштүү чараларды көрүүгө бүтүм кылынды. 

5.    КМДБнын жеке көзөмөлүнө алынган 7 диний окуу жайдын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында каражат бөлүүгө макулдук берилди. 

6.    Зекет максатында мечиттердин жеке эсептерине жыйналган акча каражаттарды шариятта көрсөтүлгөн жактарга таркатуу жоопкерчилигин жергиликтүү дин кызматкерлерине жүктөө боюнча токтом кабыл алынды.