"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинде Чүй районунда маанилүү жолугушуу болду. Тактап айтканда, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров муфтияттын Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн жаңы имараты курула турган жер тилкесин жеринен көрүп, курулушка байланышкан негизги маселелер менен таанышты. Атап айтканда, жердин жайгашуусу, инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрү жана калк үчүн ыңгайлуулугу каралды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аширбаев Элкинбек Токтогонович, Азирети Муфтийдин Чүй облусундагы өкүлү Сулумбек ажы Узеналиев жана Токмок шаарынын мэри Кутпидин Шакиров катышты.
Бул долбоор аймактагы диний инфраструктураны өнүктүрүүгө, ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.