«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
2026-жылдын 6-октябры. 6-октябрь күнү Бишкек шаарындагы «Динамо» спорт комплексинде «Жаштар – экстремизмге каршы» аттуу футбол турнири болуп өттү.
Жыл сайын уюштурулуп келе жаткан спорттук иш-чаранын негизги максаты – жаштарды экстремизм жана радикализм идеяларынан алыс болууга үндөө, сергек жашоо образын жайылтуу, ошондой эле жаштар арасында достукту жана ынтымакты бекемдөө.
Турнирге жалпысынан алты команда катышты. Алар:
Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети;
Бишкек шаарынын активист жаштары;
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (Муфтият);
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик;
М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы.
Командалар эки тайпага бөлүнүп, тайпалык баскычта күч сынашты. Андан соң мелдеш жарым финалдык беттештер, үчүнчү орун үчүн оюн жана финалдык беттеш менен уланды.
Турнирдин өнөктөшү болгон Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы иш-чараны уюштурууга колдоо көрсөтүп, мелдешке өзүнүн командасы менен катышты.
Жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун – Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети;
2-орун – Бишкек шаарынын активист жаштары;
3-орун – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик.
Иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөргө жана байгелүү орундарга ээ болгон командаларга сыйлыктар тапшырылды.
Уюштуруучулар белгилегендей, мындай спорттук иш-чаралар жаштардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө шарт түзүп, сергек жашоого үндөө менен бирге коомдо ынтымакты, өз ара түшүнүшүүнү жана тынчтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.