«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 03.10.2026
  • |

Чубак ажынын аты берилет: Азирети Муфтий Базар-Коргондо курула турган заманбап мечиттин долбоору менен таанышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи  Абдулазиз кары Закиров Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда жаңыдан курула турган заманбап мечиттин долбоору менен таанышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Азирети Муфтийге мечиттин архитектуралык долбоору, курулуш планы жана шарттары тууралуу кеңири маалымат берилди.

Ошондой эле аталган мечит Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен курулуп жаткандыгы өзгөчө белгиленди. Жаңы мечит заманбап талаптарга жооп берген, жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу ибадат ордосу жана диний-агартуу жайы болору айтылды.

Азирети Муфтий мечиттин курулушуна ийгилик каалап, бул саамалык жергиликтүү эл үчүн маанилүү руханий жайга айланарына тилектештигин билдирди.

Айта кетсек, курулуп жаткан ушул мечитке белгилүү аалым, экс-муфтий, маркум Чубак ажы Жалиловдун ысымын берүү пландалууда.