“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Бүгүн, 20-июль күнү, Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында Жумгал райондук хатибиятынын жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү.
Иш-чарага Жумгал районунун акими, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Шакир ажы Маматов, КМДБнын Даават бөлүмүнүн башчысы Эрик ажы Молдокулов, КМДБнын Нарын облусундагы өкүлү Нуридин ажы Мамасабиров, КМДБнын облустардагы өкүлдөрү, райондун имамдары, жергиликтүү тургундар жана коноктор катышты.
Хатибияттын ачылышы Куран аяттарын окуу менен башталып, жалпы журтка бата берилди. Андан соң сөз сүйлөгөн Азирети Муфтийдин орун басары Шакир ажы Маматов Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун терең саламын жана куттуктоосун жеткирди.
Өз сөзүндө ал:
"Бүгүнкү Жумгал райондук хатибиятынын жаңы имаратынын ачылышы — район эли үчүн эле эмес, жалпы Кыргызстан мусулмандары үчүн кубанычтуу жана тарыхый окуя. Аллах Таала бул имаратты илим-билимдин, ыймандын, ынтымактын, акыйкаттын жана берекенин ордосу кылсын", — деп белгиледи.
Иш-чаранын алкагында жаңы имараттын курулушуна демөөрчүлүк көрсөткөн Кадырсултан Карыпбековго Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Ыраазычылык каты тапшырылды.
Андан соң Жумгал районунун акиминин биринчи орун басары Байыш Сагынбеков, КМДБнын облустук өкүлдөрүнүн атынан Нематулло ажы Жээнбеков жана жергиликтүү тургундар куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Алар жаңы хатибияттын ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап, райондо диний агартуу иштерине үзүрлүү салым кошуп келе жаткан Жумгал районунун баш имам-хатиби Болоткан Эсенбековго жана жалпы райондун имамдарына ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалашты.