“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Коом | 21.07.2026
  • |

Нарын облусунда "Диним-Ислам, Өлкөм-Кыргызстан" аталышындагы КМДБнын көчмө жыйыны өттү

Бүгүн, 21-июль күнү, Нарын шаарындагы Муратбек Рыскулов атындагы облустук драма театрында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын "Диним Ислам – өлкөм Кыргызстан" аталышындагы көчмө жыйыны болуп өттү.

Иш-чарага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Муфтийдин орун басары Шакир ажы Маматов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Чекирбаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттигинин Нарын облусундагы өкүлү Курманбек Шайыков, облус аймагындагы бардык баш имам-хатибдер, имамдар, жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Жыйын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнинин жаңырышы жана ыйык Куран аяттарынын окулушу менен ачылды.

Иш-чара эки бөлүктөн турду. Алгач Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жыл ичинде аткарган иштери тууралуу маалыматтык отчеттук видеоролик жана Нарын облусундагы өкүлчүлүктүн жүргүзгөн ишмердүүлүгүн чагылдырган маалыматтык-тарбиялык видеоматериал көрсөтүлдү.

Андан соң жыйындын коноктору сахнага чакырылып тааныштырылып, бекитилген регламенттин негизинде сөз сүйлөштү.

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров өз сөзүндө Нарын облусундагы бардык дин кызматкерлерине жана мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташып, диний тармактагы иштерди жүргүзүп келе жаткан өкүлдөргө ыраазычылык билдирди. Ошондой эле өлкөдө салттуу ислам баалуулуктарын жайылтуу, коомдогу ынтымакты, биримдикти жана руханий тарбияны бекемдөө багытындагы иштердин маанилүүлүгүнө токтолду.

Жыйындын соңунда дин тармагын өнүктүрүүгө жана коомго ак ниет кызмат кылууга салым кошкон имамдарга, мамлекеттик кызматкерлерге Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Төш белгилери, Ардак грамоталары жана Ыраазычылык баракчалары тапшырылды.