«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын (КМДБ) делегациясы — Азирети муфтийдин орун басары Рафаил ажы Татиков жана ажылык бөлүмүнүн башчысы Давранбек ажы Жунусалиев — «Кыргызстан аэропорттору» ААК Башкармалыгына зыярат кылды.
Жолугушууда Башкармалыктын төрагасы Манасбек Самидинов менен пикир алмашуу болуп өттү. Рафаил ажы Татиков 2026-жылдагы ажылык сапарын уюштуруу алкагында ажыларды узатуу жана тосуп алууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык кат тапшырды.
Ошондой эле Кыргызстан Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча «кара тизмесинен» 20 жылдан кийин расмий түрдө чыккандыгы чоң жетишкендик экендиги белгиленип, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Манасбек Самидинов III даражадагы «Манас» ордени менен сыйлангандыгы үчүн куттуктоо айтылды.
Бул жолугушуу улуттук авиациянын өнүгүүсүнө жана ажылык сапарын уюштуруудагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү кадам болду.