«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 21.08.2026
  • |

Дүйнөлүк Куран жарышынан Кыргызстандык карылар ийгиликке жетишти

Бүгүн  Сауд Араб Падышалыгында 46-ирет өткөрүлгөн Дүйнөлүк Куран жарышына Кыргызстандын атынан катышып ийгилик жараткан карылар мекенине кайтып келишти. 
Аларды “Манас” Эл аралык аэропортунан тосуп алуу иш-чарасына Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Рафаил ажы Татиков, КМДБнын Өкүлчүлүктөр, хатибияттар, мечиттер, имамдар жана курулуш бөлүмүнүн башчысы Самидин кары Атабаев,  Азирети муфтийдин катчысы Кутманбек ажы Орунбаев, эки карынан устаздары жана бирге окуган студенттер жамааты катышты. 
Анда ийгиликке жеткен карыларга Азирети муфтийдин жана башкалардын атынан куттуктоолор айтылып, дубалар берилди. 
Эске сала кетсек Сауд Араб Падышалыгында 46-ирет өткөрүлгөн Дүйнөлүк Куран жарышы болуп ага Кыргызстандын атынан барган карылар Расул кары Касиев жети кыраат боюнча, ал эми Муса кары Мирбеков 15 пара боюнча 3-орундарды багындырышкан.