"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Общество | 21.05.2026
  • |

Бир катар диний ишмерлер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланышты

Урматтуу аалымдар жана диний ишмерлер!

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүп, өлкө башчысы Садыр Нуркожоевич Жапаров тарабынан бир катар жогорку даражадагы мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды.

Урматтуу дин аалымдары!
Адамдын жүрөгүнө эң тез жеткен жол — бул жылуу мамиле жана чын көңүлдөн берилген белек.
Белек — бааны эмес, мээримди билдирет.
Мамлекет башчысы тарабынан ыйгарылган сыйлыгыңыздар кут болсун! Элге туура жол көрсөтүп, адеп-ахлакка, ыйманга жана сабырдуулукка үндөп келе жаткан үзүрлүү эмгегиңиздер жогорку баага татыктуу.

Сиздердин руханий агартуудагы жана коомдогу ынтымакты бекемдөөдөгү ордуңуздар өзгөчө мааниге ээ. Эл кызматындагы ак ниет эмгегиңиздер ар дайым үзүрүн берип, урмат-сый менен коштолсун.

Аллах Таала сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, иштериңиздерге береке жана ийгиликтерди насип кылсын. Элибизде тынчтык, ынтымак жана ыйман нуру ар дайым үстөм болсун!