«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 14.09.2026
  • |

Бакуда ТМУ Муфтийлер кеңешинин алдындагы Фатвалар кеңешинин VII жыйыны өттү

Бакуда Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Муфтийлер кеңешинин алдындагы Фатвалар кеңешинин VII жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Кыргызстандын мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Рафаил ажы Татиков, КМДБнын аппарат жетекчиси Жоробай ажы Шергазиев, КМДБнын алдындагы Илимий изилдөө институтунун директору Самаган ажы Мырзаибраимов жана Аалымдар кеңешинин мүчөсү Жеңишбек ажы Курбанов катышты.

Жыйындын жүрүшүндө заманбап шарттарда актуалдуу болуп жаткан бир катар диний-укуктук маселелер талкууланып, алар боюнча ТМУга мүчө мамлекеттердин дин аалымдары тарабынан бирдиктүү фатвалар кабыл алынды.

Атап айтканда, хижрий айлардын башталышын аныктоонун критерийлери, ижарага алынган айыл чарба жерлеринен үшүр төлөө тартиби, жасалма интеллект тарабынан берилген фатваларды колдонууга шарияттык жактан жол берилер-жол берилбеси, бир көргө бир нече маркумду коюунун тартиби, жума намазынын туура аткарылышынын шарттары, ошондой эле пайыздык насыяларды пайдаланган адамдарга мүлк сатууга байланышкан маселелер боюнча тиешелүү диний-укуктук чечимдер кабыл алынды.

Жыйындын жыйынтыгында аталган маселелер боюнча бирдиктүү диний-укуктук позициялар иштелип чыгып, тиешелүү фатвалар бекитилди.