“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Азирети муфтийинин Талас облусундагы өкүлү Нийматилла ажы Топчиев Айтматов районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Нурланбек Умаров менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө райондогу диний абал, диний объектилерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү иштерин ыкчамдатууга жана бул багытта жергиликтүү мамлекеттик органдар тарабынан тиешелүү көмөк көрсөтүү маселелери каралды. Ошондой эле мамлекет менен диний мекемелердин өз ара кызматташтыгын чыңдоо, калк арасында салттуу диний баалуулуктарды жайылтуу жана башка иштер боюнча пикир алмашуу болду. Жолугушуунун соңунда тараптар көтөрүлгөн маселелер боюнча өз ара тыгыз кызматташып, биргелешкен иш-чараларды улантуу боюнча макулдашышты.