«Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозок отунан сактагыла» (Тахрим сүрөсү, 6-аят)
﴿إِنَّا لِلّٰهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ﴾ «Чындыгында, биз Аллага таандыкпыз жана сөзсүз Ага кайтып барабыз». (Бакара сүрөсү, 156-аят) Кыргызстан Ислам университетинин тарбия жана социалдык иштер боюнча проректору Бакытбек ажы Ниязовдун уулу Бакытбек уулу Ноомандын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул оор жоготууга байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан Бакытбек ажыга, анын үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына жана жалпы аза күтүүчүлөргө терең көңүл айтам. Ата-эне үчүн перзентинен айрылуу — эң оор сыноолордун бири. Мындай оор кайгыны сөз менен жеңилдетүү мүмкүн эмес. Бирок ар бир пенденин өмүрү да, ажалы да Жараткан Алла Тааланын тагдыры менен болоруна ыйман келтиребиз. Жараткан Алла Таала маркум Нооманды Өзүнүн чексиз ырайымына бөлөп, күнөөлөрүн кечирип, Фирдаус бейишинен орун насип кылсын. Кабырын нурга бөлөп, сурагын жеңил кылып, акырет жайын бейиш бакчаларынан кылсын. Алла Таала Бакытбек ажыга, үй-бүлөсүнө жана жакындарына сабыр-жамил, кайрат жана күч-кубат берсин. Бул оор сыноону сабырдуулук менен көтөрүүнү насип кылсын. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров