«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Бүгүн, 19-сентябрь күнү «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде 2027-жылдагы ажылык сапарында ажы башчылыкка талапкер жарандар тест тапшырып жатышат.
Тесттик сынак шарият талаптары, ажылыктын шарттары, эрежелери жана тиешелүү мыйзамдар боюнча өткөрүлүүдө.
Ажы башчылыкка тесттик сынактан ийгиликтүү өткөндөргө эртең, 20-сентябрь күнү саат 8:30 да Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында баарлашуу сынагы уюштурулат.