"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Бүгүн, 29-апрель күнү Ош облусуна караштуу Ноокат райондук хатибияты тарабынан райондогу жалпы диний окуу жайлардын студенттери арасында фикх илими боюнча "Мухтасар аль-Викая" китебинин алгачкы 5 бөлүмүнөн мелдеш өткөрүлдү. Мелдеште Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басарынын милдетин аткаруучу Абдималик ажы Турсунбеков ачылыш сөзүн сүйлөп, жалпы катышуучуларга ийгилик каалады.
Мелдеш уландар жана кыздар окуган диний окуу жай студенттери үчүн өз-өзүнчө өткөрүлүп, эки тараптын тең жеңүүчүлөрү үчүн хатибият тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Мелдешке 120 улан, 60 кыз катышып, төмөнкүлөр жеңүүчү деп аныкталды:
Кыздар арасында:
1-орун – Абдулхашимова Солиха;
2-орун – Кыязова Асема;
3-орун – Хамиджанова Муфазал.
Мырзалар арасында:
1-орун – Туратов Имран;
2-орун – Туратов Мунзир;
3-орун – Мухаммадсафо уулу Абдулкодир.
«Хатибият тарабынан буга чейин имамдар арасында "Мухтасар аль-Викая китебинен бир жолу жарыш өткөрүлгөн. Буйруса, эми диний окуу жайлардын студенттери арасында өткөрүп жатабыз. Бул жолку иш-чарабызды өткөрүүдө демилгебизди колдоп, Семетей Молдоматов агабыз демөөрчүлүк кылып берди. Аллахым ыраазы болсун. Мелдеш студенттер үчүн кайталоо болуу менен бирге жеңүүчүлөргө берилген акчалай сыйлыктар стимул болот деп ишенебиз», – деди Бекназар ажы Жапаров.