"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Регионы | 29.04.2026
  • |

Лейлекте “Ислам дини зордук-зомбулукка каршы” аттуу илимий конференция өттү

Лейлек райондук хатибиятынын 2026-жылга карата иш-планына ылайык, “Салттуу ислам динин кармануу жана ислам дини зордук-зомбулукка каршы” аталышындагы илимий конференция өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Дин иштери жана этностук мамилелер боюнча улуттук агенттигинин Баткен облусундагы өкүлү Ч. Юсупов, Азирети Муфтийдин Баткен облусундагы өкүлү Муратали кары Мамадияр уулу, Лейлек районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Кубатбек Абдыгапар уулу, “Абдулло ибн Аббас” ислам институтунун ректорунун милдетин аткаруучу О. Абдилашим, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, укук коргоо органдары, ошондой эле район аймагындагы имамдар, диний билим берүүчү устаздар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Конференциянын жүрүшүндө төмөндөгү баяндамачылар тарабынан атайын докладдар окулду:

– Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов зордук-зомбулуктун мыйзамдык негиздери жана аларга карата колдонулуучу чаралар тууралуу маалымат берди;

– Муфтийдин Баткен облусундагы өкүлү Муратали кары Мамадияр уулу салттуу ислам дининин баалуулуктары боюнча баяндама жасап, КМДБ тарабынан чыгарылган китептер боюнча кеңири түшүндүрмө берди;

– Лейлек районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Кубатбек Абдыгапар уулу келген конокторго ыраазычылык билдирип, шүгүрчүлүк жана ынтымак темасында баяндама жасады;

– “Абдулло ибн Аббас” ислам институтунун ректорунун милдетин аткаруучу Абдилашим Ормонов илимдин мааниси жана билимсиздиктин кесепеттери тууралуу кеңири маалымат берди.

Конференция жогорку деңгээлде уюштурулуп, салттуу исламды карманууну жайылтуу жана зордук-зомбулукту болтурбоо максатын көздөйт.