"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Регионы | 29.04.2026
  • |

Кара-Сууда экстремизмдин алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү

Бүгүн, 29-апрель күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун маданият үйүндө экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү.

Жыйында Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин түштүк аймактык бөлүмүнүн адиси Ильяз Маматкаримов «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер» жөнүндөгү мыйзам боюнча айтса, Кара-Суу РИИБдин ЭММКАКтын бөлүм башчысы Эсен Ашимов экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Ал эми Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов улуттар аралык ынтымак жана Ханафи мазхабын бекем сактоо боюнча баяндама жасады.

Аталган иш-чара Кара-Суу райондук хатибияты жана УКМКнын Кара-Суу райондук бөлүмү менен биргеликте уюштурулду.