“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Муфтият | 30.06.2026
  • |

ЗЕКЕТИМ КАБЫЛ БОЛСУН ДЕСЕҢИЗ...

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен...

Зекеттин милдеттүүлүк шарттары боюнча айтылды. Бу саам зекет берүүчү мукаллафтын зекет ибадатынын өтүмдүү болушу үчүн зарыл болгон шарттарын сөз кылабыз.

1. Ниет, чын ыклас

Исламда ниет жана ыкластуулук – Алланын алдында ибадат жана амалдардын кабыл болуу шарты саналат. Себеби, динибиздин өзү ыкластуулукка негизделген (Муслим. Ийман, 95). Мусулман  ар бир иш-амал аткарууда каалоочу жана ыкластуу болушу керек. Кураны Каримде намаз, орозо, ажылык, зекет жана курмандык чалуу сыяктуу бүтүн ибадаттардын өтүмдүүлүк шарттарынын эң башына ыкластуулуктун, ниеттин жана такыбалыктын келери өзгөчө белгиленген.

وَمَٓا اُمِرُٓوا اِلَّا لِيَعْبُدُوا اللّٰهَ مُخْلِص۪ينَ لَهُ الدّ۪ينَ حُنَفَٓاءَ وَيُق۪يمُوا الصَّلٰوةَ وَيُؤْتُوا الزَّكٰوةَ وَذٰلِكَ د۪ينُ الْقَيِّمَةِۜ

لَنْ يَنَالَ اللّٰهَ لُحُومُهَا وَلَا دِمَٓاؤُ۬هَا وَلٰكِنْ يَنَالُهُ التَّقْوٰى مِنْكُمْۜ 

«Аларга чыныгы динди таза, бекем кармап, бир гана Аллага сыйынууга жана намаз окуп, зекетти (тиешелүү) орундарга берүүгө буйрук кылынды. Мына ушул гана – акыйкат жолундагы адамдардын тутунган дини» (Баййина, 98/5);
«Курмандыгыңардын эттери жана кандары эч качан Аллага жетпейт (Ал эч нерсеге муктаж эмес). Бирок, силердин такыбалыгыңар гана (Аллага) жетет...» (Хаж, 22/37).

Сүйүктүү пайгамбарыбыз да «Амалдар ниетке жараша бааланат. Баары аткаргандарынын сыйлык-жазасын ниетине жараша алат» (Бухари. Бадъул-вахй 1, Ийман 41; Муслим. Имаарат, 155), – деп буйруп, диндин негизи чын ыклас жана ак ниет менен аткарылышы керектигин көрсөткөн. 

Экинчи жагынан алып карасак, адам ниети Алланын ыраазылыгы үчүн жасалат. Бир мусулмандын ниет кылып, бирок аткара албаган иши үчүн да сыйлыкка татыктуу болору сүйүнчүлөнгөн. Бул исламда ак ниет жана чын ыкластын орду канчалык маанилүү экенин көрсөтөт. Пайгамбарыбыз бул теңдешсиз ихсанды төмөнкүдөй баяндаган.

«Алла Таала жакшылык жана жамандыкты тагдыр кылып жазгандан соң булардын жакшы жана жаман болушун мындай деп ачыктады: Кимде-ким бир жакшылык жасагысы келип, бирок жасай албаса, Теңдешсиз Зат муну кемчиликсиз бир жакшылык жасалды деп жазат. Эгерде кимде-ким жакшылык жасагысы келип, кийин аны иш жүзүнө аткарса, Ал жакшылыкты ондон баштап жети жүз эсеге, балким андан да көп эсеге көбөйтүп жазат. Эгерде кимде-ким жамандык жасагысы келип, бирок кийин баш тартса, муну кемчиликсиз бир жакшылык деп белгилейт. А эгерде кимде-ким бир жамандык жасагысы келип, аны аткарса, Улуу Зат ал жамандыкты болгону бир күнөө деп жазат» (Бухари. Рикак, 31; Муслим. Ийман, 207).

Ыкластуулуктун карама-каршысы алдоо, жалган айтуу, эки жүздүүлүк жана «эл көрсүндүк»/ риякорлук сыктуу аракеттер ислам адебине жарашпаган жана ибадаттардын кабыл болушуна тоскоол болгон терс өзгөчөлүктөрдөн болуп саналат.
Демек, башка ибадаттарда болгон сыяктуу зекеттин кабыл болушу үчүн да Алланын ыраазылыгына таянган жакшы ниет жана ыклас эң алгачкы шарттардан. Буга ылайык, бардар мусулман зекетин кедейге берип жатканда же зекет үчүн бир мал атап жаткан болсо, аткарылчу ибадатына жүрөктөн ниет кылышы керек. Тили менен шардана айтышы шарт эмес.
Зекет берилип жатканда кечигип ниет кылса да болот. Мисалы, мал ээси кембагалга карыз кылып берген мал-мүлктү кийинчерээк зекет кылгысы келсе, берилген мал дале бакырдын колунда болгон болсо, ниет кылуу менен карызга берилген мал зекеттин ордуна өтөт.   

2. Тамлик (ээликти өткөрүү)

Зекеттин өтүмдүүлүк шарттарынын бири тамлик болуп саналат. Тамлик – зекет катары берилчү мал же акчадагы ээликти/ кожоюндукту зекет алуучуга өткөрүшү. Тагыраагы, ээликти тапшыруу же алуучунун менчигине которуу дегенди туюндурат. 
Тамлик шартынын далили «Зекетиңерди бергиле!» маанисиндеги аяты карималар болуп саналат (Караңыз: Бакара, 2/43; Нур, 24/56; Муззаммил, 73/20). Көрсөтүлгөн аяттардагы «бергиле!» буйругу мал ээлигинин экинчи тарапка өткөрүлүшү маанисине келет. 

Ушул себептүү зекеттин өтүмдүү (сахих) болушу үчүн муктаждарга өткөрүлүшү (тамликий) шарт болуп эсептелет. Зекет – аяты-каримада (Тообо, 9/60) белгиленген жактардын так өздөрүнө бериле турганы сыяктуу эле, зекет жана фитр-садакаларын өзүнчө бир фондго (атайын организацияга) которсо да болот. Бирок, ал фонддор (уюмдар, организациялар) бардык жагынан ишенимдүү болушу керек. Мындай учурда да тамлик шарты өтүмдүү болуп саналат.

Башка орчундуу маселе да бар. Мамлекетке төлөнгөн салыктар зекет болуп эсептелбейт. Салык төлөөчү зекет кылууга милдеттүү киши болсо, зекетин өзүнчө берет. Салыктар мамлекеттин киреше булагы экени талашсыз. Мамлекет ишин жүргүзүшү үчүн салык сыяктуу төлөмдөргө муктаж. Бирок, салык менен зекет которуу булагына, максатына, багытына, өлчөмүнө жана сарпталышына карай бири-биринен кескин айырмаланат. Салык – жарандык милдет болсо, зекет – диний милдет.
 

Которуп даярдаган: Иманбек Азизилла уулу, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси
Текшерген: Жоробай ажы Шергазиев, КМДБнын аппарат жетекчиси