“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Назирбек кары Ысай уулу 1954-жылы 1-январда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган. Ал жашында Жалал-Абаддагы Аркалык айылында турган Абыш молдо менен Жамалдин Максымдан, мындан сырткары Исмаилов Кошон молдодон (молдо Талыпжан) илим алган. Андан соң Бухарага аттанып, диний илимин тереңдеткен.
Окуусун аяктаган соң Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек шаары) борбордук мечитте баш имамдын убактылуу орун басары жана азанчы болуу менен диний кызматка баштаган. Кийин Нарын облусунун Ат-Башы району, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары, Чүй облусунун Панфилов районундагы борбордук мечиттерде жана Чалдовар айылындагы мечитте баш имам-хатиб болуп, элге ак кызмат кылган. Ал барган жерлеринде көптөгөн шакирттерди окутуп тарбиялаган жана Куран жаттаткан.
Назирбек кары Ат-Башыга кыраан кыш чилдеде барып, оор шартка карабай жан дили менен кызмат кылганын замандаштары айтып келет. Бул боюнча өзүнүн алгачкы шакирти Үрүстөм Молдо эскерет: «Ат-Башынын бороон айдап, аяз улуп турган чыкыроон суугунда Назирбек устаз багымдатка туруп, кычырыган суукта даарат алчу. Андан кийин мечиттин мешине от жагып, жылытар эле. Андан кийин коңур үнү менен азан чакырчу. Мечитке 2-3 гана аксакал келчү. Мына ушундай кыйын учурларда кабагым-кашым дебей, Алланын ыраазычыгы үчүн кызмат кылган».
Көп жерлерде имамдык кызматтарды аркалаган руханий агартуучу, диний аалым жана кыргыз карысы Молдо Назирбек кары 1998-жылдын 10-сентябрь күнү түбөлүктүү чын дүйнөгө сапар тарткан.
Назирбек кары арабча жана чагатайча китептерди окуп, эркин которгон. Анын өрнөктүү өмүр баянынан көрүнүп тургандай, Кыргызстанды түрө кыдырып, динге кызмат кылып, элге эмгеги сиңген. Карынын аракети менен далай-далай инсандар кудайды таанып, дин жобосун үйрөнгөн. Ал үй-бүлөдө да камкор ата болуп, жубайы Жамила Закирова экөө балдарына мыкты тарбия берген. Учурда Жамила эне балдарынын төрүндө сый-урмат көрүп, бактылуу жана дөөлөттүү карылыкты сүрүүдө.
Аалымдын артында өмүрлүк жубайы жана 6 уулу калган. Алардын ичинде 2 уулу ата жолун жолдоп, молдочулукка багыт алышып, дин илиминде тереңдешкен. Ошондой эле Куранды толук жатташып, хафиздик даражага жетишкен. Назирбек карынын уулу Абдулазиз кары Назирбек уулу учурда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи болуп үзүрлүү кызмат кылып келет. Дагы бир уулу Мухаммедамин кары өзү иштеп кеткен Чалдовардагы мечитте имам-хатибдик кызматты аркалоодо.
Даярдаган: Иманбек Азизилла уулу, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси