«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Дин аалымы Алауддин Мансур Кыргызстандагы белгилүү аалымдардан. 1952-жылдын 1-майында Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу шаарында туулган. Өз доорунун атактуу аалымдарынан илим алган.
Аалым Алауддин Мансур 1990-92-жылдары биринчилерден болуп Курани Каримдин маанилерин өзбек тилинде чечмеленген котормосун чоң жоопкерчилик менен жүзөгө ашырган. Анын котормосу Орто Азия жана Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы өткөргөн тандоодо «эң жакшы» деп табылган. Китеп 1990-1993-жылдары алгач «Шарк юлдузи» журналында, кийин «Гафур Гулам» жана «Чолпон» басмаканасында бир миллион нускада басылган. 2000-жылы Кара-Суу шаарында «Курани Каримди үйрөнүү илимий борбору» түзүлүп, Алауддин Мансур Курани Каримдин маанилерин алгачкы ирет Кыргыз тилине которду.
Кийин аалымдын белгилүү өзбекче котормосу казак, түркмөн, каракалпак жана уйгур тилдерине которулуп, миңдеген нускада басылып чыккан. Алауддин Мансурдун «Имам Аъзам улуу имамыбыз» аттуу чыгармасы да жарык көрүп, ал китеп кыргыз, өзбек, казак, уйгур жана орус тилдеринде басылган. Андан соң имам Аъзам мазхабындагы улуу аалымдардан болгон Алауддин Касанийдин он томдук «Бадоеус-саноеъ» китебинин «Даарат» жана «Намаз» китептерин да араб тилинен которуп, бул китептер Ош жана Ташкент шаарларында көп миңдеген нускада басылган.
Ал өмүрүнүн соңку учурларында Курани Каримди мүмкүн болушунча кененирээк тафсир кылуу менен алек болуп келген. Кийин Алауддин Мансурдун «Қуръани Азим» тафсиринин 17 тому жарык көргөн.