«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Муфтият | 01.10.2026
  • |

«КАРЫСЫ БАРДЫН ЫРЫСЫ БАР»

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен

1-октябрь – Эл аралык карылар күнү. Бул күндү 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген. Карылар күнүн белгилөөнүн максаты – дүйнө коомчулугунун улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана алар муктаж болгон нерселерге көңүлүн бурдуруу, карыялардын коомчулукка керек экендигин түшүндүрүү аркылуу аларга колдоо көрсөтүү жана демографиялык өсүү тууралуу маалымат берүү болуп эсептелет. Карыялар күнүнө карата динибизде жана каада-салтыбызда карыларды урматтоо маселесине токтолууну туура таптык. 

Кыргыз элинде кылымдардан бери айтылып келе жаткан «Карысы бардын ырысы бар» деген макалдын мааниси өтө терең. Бул сөз карылыкты жөн гана адамдын жаш курагы катары эмес, өмүр тажрыйбасынын, акылмандыктын, сабырдуулуктун, көргөн-билгендин жана руханий мурастын булагы катары баалаган элдик түшүнүктү билдирет.

Кыргыз коомунда аксакалдын орду өзгөчө болгон. Үй-бүлөдө да, айыл-аймакта да маанилүү маселелер чечилгенде улуулардын пикири угулган. Жаштар карыялардын сөзүнө кулак салып, алардын акыл-насаатын, кеп-кеңешин, батасын алууга умтулган. «Улууга – урмат, кичүүгө – ызат», «Аксакалдуу айыл азбайт», «Карынын сөзүн капка сал» деген сыяктуу накыл кептер да ушул түшүнүктү бекемдейт.

Ислам дини да адамды жашына, тажрыйбасына жана коомдогу ордуна жараша сыйлоону, өзгөчө ата-энеге жакшылык кылууну, улууларды урматтоону жана аларга мээримдүү мамиле жасоону үйрөтөт. Ыйык Куранда ата-энеге жакшылык кылуу Алла Таалага ибадат кылуу менен бир катарда айтылган. Алла Таала мындай дейт:

وَقَضٰى رَبُّكَ اَلَّا تَعْبُدُٓوا اِلَّٓا اِيَّاهُ وَبِالْوَالِدَيْنِ اِحْسَاناًۜ اِمَّا يَبْلُغَنَّ عِنْدَكَ الْكِبَرَ اَحَدُهُمَٓا اَوْ كِلَاهُمَا فَلَا تَقُلْ لَهُمَٓا اُفٍّ وَلَا تَنْهَرْهُمَا وَقُلْ لَهُمَا قَوْلاً كَر۪يماً

«Раббиң Өзүнө гана ибадат кылууну жана ата-энеге жакшылык кылууну буйруду. Эгер алардын бири же экөө тең сенин алдыңда карылыкка жетсе, аларга «Уф!» деп да айтпа, аларды жемелебе жана аларга сылык-сыпаа сөз сүйлө» (Исра сүрөсү, 23).

Бул аятта өзгөчө ата-эненин карыган мезгили белгиленип жатканы көңүл бурууга арзыйт. Анткени адам карыганда күч-кубаты азайып, башкалардын жардамына көбүрөөк муктаж болот. Мындай учурда баланын милдети – ата-энесинен тажап, аларга орой мамиле кылуу эмес, тескерисинче сабырдуулук менен кызмат кылуу, көңүлүн алуу жана урматтоо.

Алла Таала андан ары мындай дейт:

وَاخْفِضْ لَهُمَا جَنَاحَ الذُّلِّ مِنَ الرَّحْمَةِ وَقُلْ رَبِّ ارْحَمْهُمَا كَمَا رَبَّيَان۪ي صَغ۪يراًۜ

«Аларга мээримдүүлүк менен момундук канатын жай жана: “Оо, Раббим! Алар мени кичинемде тарбиялап өстүргөндөй, Сен да аларга ырайым кыл!” – деп айт» (Исра, 24).

Демек, ата-эненин карылыгы – баланын аларга болгон мамилеси сынала турган өзгөчө мезгил. Алар бизди алсыз кезибизде көтөрүп, багып, түн уйкусун бөлүп чоңойткондой, биз да алардын алсыз кезинде жанында болушубуз керек.

Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ улууларды сыйлоону мусулмандын адеп-ахлагынын маанилүү бөлүгү катары көрсөткөн. Ал ﷺ мындай деген:

لَيْسَ مِنَّا مَنْ لَمْ يَرْحَمْ صَغِيرَنَا، وَيَعْرِفْ شَرَفَ كَبِيرِنَا

Мааниси: «Улууга урмат жана кичүүгө ызаат кылбаган адам – бизден эмес» (Сунан, 1920; Абу Дауд, 4943).

Бул хадис ислам коомундагы муундар аралык мамиленин, б.а. кичүүгө – мээрим, улууга – урмат деген маанилүү принцибин көрсөтөт. Улууну урматтоо анын ар бир айтканын талашсыз туура деп кабыл алуу дегенди билдирбейт. Тескерисинче, анын жашын, басып өткөн жолун, тажрыйбасын жана коомдогу кадырын эске алып, сылык мамиле кылуу, сөзүн бөлбөй угуу, зарыл учурда кеңешин алуу дегенди түшүндүрөт. Айрыкча көптү көргөн, илим-билимдүү, турмуштук тажрыйбасы мол карыялардын кеңеши жаштар үчүн чоң сабак боло алат. Бир муундун тажрыйбасы экинчи муунга өтүп турса, коомдун руханий эс тутуму сакталат.

Кыргыз элинде «Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт» деген терең маанилүү макал бар. Бата – жөн гана жакшы тилек эмес, элдик түшүнүктө ак ниеттин, улуунун ыраазычылыгынын жана жакшылыкка болгон тилектин белгиси. Ошондуктан кыргыздар сапарга чыгарда, үйлөнүү үлпөтүндө, жаңы үйгө киргенде, уул-кыз үйлөнткөндө, наристе төрөлгөндө жана башка маанилүү учурларда улуулардын батасын алууга өзгөчө маани беришкен.

«Карынын сөзүн капка сал» деген макал да улуунун ар бир сөзүн угуп, андан сабак алууга чакырат. Анткени жаш адамдын билими көп болушу мүмкүн, бирок карыянын билиминде өмүр тажрыйбасы бар. Китептен алынган маалымат менен турмуштан алынган тажрыйба бири-бирин толуктайт.

Пайгамбарыбыз ﷺ адамдардын даражасын эске алуу менен коомдук иштерде улууларга жана илим-билим ээлерине орун берген. Маселен, намазда имамдык маселесинде да адамдардын жашы, билими жана артыкчылыктары эске алынары хадистерде айтылган. Бул бизге коомдук жашоодо улууну сыйлоо, татыктуусун төргө чыгаруу, сөзүн угуу сыяктуу адептердин маанисин түшүндүрөт.

Үйдө карыянын болушу – ошол үйдө тарыхтын, тажрыйбанын жана тарбиянын болушу. Чоң ата, чоң эне неберелерине ата-энесинин бала чагын, ата-бабасынын тарыхын, элдин салтын, үрп-адатын айтып берет. Ушундай жол менен улуттук баалуулуктар муундан муунга өтөт. Карыянын батасын алган бала улууну сыйлоону үйрөнөт. Улууну сыйлаган адам кичүүгө да мээримдүү мамиле кылат. Ал эми үйүндө улууларын барктабаган коом бара-бара өзүнүн тарыхый эс тутумунан, салт-санаасынан жана руханий байланышынан ажырап калуу коркунучуна туш болот.

Ошондуктан карыяга кам көрүү – анын курсагын тойгузуп, ден соолугун сурап коюу менен гана чектелбейт. Аны угуу, сүйлөшүү, көңүлүн алуу, төргө отургузуу, кеңешин суроо, батасын алуу, жалгыз калтырбоо да урмат-сыйдын көрүнүштөрүнө кирет.

«Карысы бардын ырысы бар» деген кыргыз макалы исламдын улууну урматтоо жөнүндөгү баалуулуктары менен үндөшүп турат. Ислам ата-энени, айрыкча карыган кезинде, урматтап-сыйлоону буюрат. Пайгамбарыбыз ﷺ болсо кичүүлөргө мээримдүү болуп, улуулардын кадырын билүүгө чакырган. Ошол себептен карыяларды урматтоо – жөн гана кыргыздын салты эмес, адамгерчиликтин жана исламдык адептин көрүнүшү.

Карыянын колунан кармап, сөзүн угуп, кеңешин алып, батасын алуу – жаш муун үчүн чоң тарбия. Ал эми карыяларга кам көрүү – ата-бабадан калган асыл наркты сактоо. Элибизде: «Улууну сыйласаң, өзүң да сый көрөсүң», «Аксакалдуу айыл азбайт», «Бата алган эл азбайт» деген сыяктуу накыл кептер бекеринен айтылган эмес. Демек, карыяны барктоо – өткөндү урматтоо, бүгүнкүнү баалоо жана келечекке жол көрсөтүү. Үйдө карыянын батасы, акылы жана насааты бар болсо, ал үйдө ынтымактын, берекенин жана руханий байлыктын болушуна өбөлгө түзүлөт. Ошондуктан «Карысы бардын ырысы бар» деген сөздү ар бир муун жүрөгүнө түйүп, карыяларды кадырлап, алардын акыл-насаатын угуп, батасын алып жашоосу – элибиздин да, үй-бүлөбүздүн да руханий бекемдигине кызмат кылат. «Улууга урмат, кичүүгө ызаат» – кыргыз элинин да, ислам адебинин да көркөм үлгүсү.
 

Үгүт-насаат бөлүмү