«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Коом | 15.09.2026
  • |

Түрк мамлекеттеринин мүфтийлери 3 биргелешкен билдирүүгө жана 6 фатвага кол коюшту

Баку шаарында Түрк мамлекеттеринин Муфтийлер кеңешинин кезектеги VII жыйыны өтүп, анын жыйынтыгында Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын муфтийлери  3 биргелешкен билдирүүгө жана 6 фатвага кол коюшту.
Кабыл алынган документтерде үй-бүлө институтун коргоо жана бекемдөө, исламдын илим жана технологияга болгон көз карашы, ошондой эле такфир маселеси камтылды.
Мындан тышкары, заманбап маселелерге байланыштуу фатвалар кабыл алынды. Алардын арасында зарыл болгон учурда бир жайга бир нече маркумду жерге берүү, айыл чарба жеринен үшүр төлөө, фатва берүүдө жасалма интеллектти колдонуу, жума намазынын шарттары, хижрий айдын башталышын аныктоо жана такфир маселелери бар.
Жыйындын жүрүшүндө диний-агартуу тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, заманбап маселелерге шариаттык чечимдерди биргелешип иштеп чыгуу жана түрк мусулман үммөтүнүн биримдигин бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.