“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын 40 кадамдан турган иш-мерчеминин алкагында жана шаардык хатибияттын адал тармагын өнүктүрүүгө багытталган иш-планынын негизинде, дин кызматкерлери менен биргеликте элдин тамак-ашынын адалдыгын камсыздоо жана адал жаатын өнүктүрүү максатында Манас шаарындагы мал союлуучу касапканаларда жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Иш-чаранын жүрүшүндө касапканалардын санитардык-гигиеналык абалы, тазалыгы, мал союунун тартиби жана адал талаптарынын сакталышы жеринен текшерилип, касапчыларга Ислам шариятындагы мал союунун эрежелери боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Манас шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев Ислам шариятына ылайык мал союунун өкүмдөрү менен адептерин кеңири түшүндүрүп, төмөнкү талаптарды так сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи:
- Малга ырайымдуулук менен мамиле кылуу жана аны негизсиз кыйнабаш;
- Мүмкүн болушунча малды кыбыла тарапка каратып жаткыруу;
- Союучу адам мусулман болуп, «Бисмиллахи Аллаху Акбар» деп Аллахтын ысмын айтып союшу;
- Өтө курч бычак колдонуп, малды тез жана кыйнабастан союу;
- Кызыл өңгөчтү, дем алуу түтүгүн жана эки күрөө тамырын үзүү аркылуу шарият талаптарына ылайык союу;
- Мал толук жан бергенге чейин анын терисин сыйрыбоо жана дене мүчөлөрүн бөлбөө;
- Малды токко уруп өлтүрүүгө, башына катуу сокку берүү аркылуу же шариятка каршы келген башка ыкмалар менен өлтүрүүгө жол берилбей турганын өзгөчө белгиледи.
Ошондой эле Мелисбек ажы адал ырыскынын мааниси тууралуу токтолуп, Куран жана хадистердин негизинде төмөнкүлөрдү белгиледи:
««Ислам дини адамдарды адал ырыскы менен жашоого үндөйт. Аллах Таала Ыйык Куранда: «Эй, адамдар! Жер жүзүндөгү адал жана таза нерселерден жегиле...» («Бакара» сүрөсү, 168-аят) деп буюрган. Ал эми Пайгамбарыбыз ﷺ: «Чындыгында, Аллах бардык нерсени мыкты аткарууну парз кылган. Союуда да жакшы союгула. Ар бириңер бычагын курчутуп, малды кыйнабастан сойсун» (Сахих Муслим) деп осуят кылган.»
«Демек, касапчылык – жөн гана кесип эмес, чоң аманат жана жоопкерчилик. Ар бир касапчы шарият талаптарын так сактап, элге адал азык жеткирүүгө өз салымын кошууга тийиш. Адалдык – мусулмандын жашоосунун негизги баалуулуктарынын бири».»
Ошондой эле касапкана ээлерине жана касапчыларга адал сертификатын алуу алардын ишмердүүлүгүнө болгон ишенимди арттырары, керектөөчүлөрдүн укугун коргоого, адал талаптарынын туруктуу сакталышын камсыздоого жана элге сунушталган азык-түлүктүн адалдыгына болгон ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөрү белгиленди.
Иш-чаранын соңунда касапчылар тарабынан берилген суроолорго жооп берилип, адал азык-түлүк өндүрүүдө Ислам шариятынын талаптарын, санитардык-гигиеналык эрежелерди жана малды адал союунун тартибин так сактоо боюнча сунуштар айтылды.
Манас шаардык хатибияты мындан ары да Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Адал бөлүмү менен биргеликте элдин тамак-ашынын адалдыгын камсыздоо, адал индустриясын өнүктүрүү жана түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү улантат.