«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
10-август күнү Жалал-Абад облусунун Манас шаарында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Ажылык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ажылыкка байланыштуу түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — быйылкы жылы ажылык сапарына барууну пландап жаткан жарандарга ажылыкка катталуу тартиби жана жаңы санариптик мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берүү болду.
📱 КМДБнын Ажылык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жаңы иштелип чыккан мобилдик тиркеме тааныштырылып, анын мүмкүнчүлүктөрү кеңири түшүндүрүлдү. Тактап айтканда, жарандар үйдөн чыкпастан эле уюлдук телефон аркылуу ажылыкка катталып, тиешелүү документтерин электрондук түрдө тапшырып жана ырастоо мүмкүнчүлүгүнө ээ боло тургандыгы тууралуу маалымат берилди.
🤝 Иш-чарага КМДБнын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нематулла ажы Жээнбеков, жергиликтүү тургундар, имамдар жана хатибтер катышты.
Катышуучулар ажылыкка байланыштуу жаңы мобилдик тиркеменин иштөө тартиби, катталуу жол-жобосу жана анын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат алышып, өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, тиешелүү жоопторду алышты.
🕌 Жолугушуунун жүрүшүндө ажылыкка барууну каалаган жарандарга документтерди өз убагында жана талапка ылайык даярдоонун, ошондой эле расмий маалыматтарды гана жетекчиликке алуунун маанилүүлүгү белгиленди.
📍 Мындан тышкары, ажылык боюнча түшүндүрүү иш-чарасы Ноокен райондук мамлекеттик администрациясында уланып, район тургундарына да жаңы мобилдик тиркеме жана ажылыкка катталуунун электрондук мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңири маалымат берилди.