"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 25.05.2026
  • |

Кызыл-Кыя шаарында облус аймагындагы диний окуу жайлар арасында “Билим таймаш” жарышы болуп өттү

Аталган иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен уюштурулуп, Zam Zam Travel Kyzyl-Kiya ишканасынын демөөрчүлүгүндө Абдуллаев Абдукахор Абдуллаевич жана Абдуллаев Аззамжон Султановичтердин жаркын элесине арналып өткөрүлдү.

Билим таймашы “Мухтасар аль-Викоя”, “Акыйда” жана Молдо Сабыр Досболовдун “Таухид” китебинин котормосунун негизинде уюштурулуп, ага өкүлдүн орун басары Муса ажы Жолдошовдун жетекчилигинде болуп, катышуучулар өз билим деңгээлдерин сынашты.

Жыйынтыгында:
🥇 1-орун — Таир медресеси, муздаткыч менен сыйланды
🥈 2-орун — Мухаммед медресеси, кир жуугуч машинасы менен сыйланды.
🥉 3-орун — Баткен медресеси, чаң соргуч алды.
4-орун - Муаз ибн Жаббал медресеси, 5000 сом.
Бул таймаштын негизги максаты — диний окуу жайларда билим деңгээлин жогорулатуу, студенттер арасындагы ынтымакты бекемдөө жана облус аймагындагы диний окуу жайлардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү болуп саналат.