“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Коом | 03.07.2026
  • |

КМДБнын адистери Ноокат районунда калк менен жолугушууларды өткөрүштү

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Калкты диний маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн 2026-жылга карата бекитилген иш планынын негизинде Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү калк менен түздөн-түз жолугушуулар уюштурулду.

Иш-чарада калкты диний маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн адистери Махамадали Имарали уулу жана Дооранбек Зайнидин уулу тарабынан нике жана талак маселелери, улуттук нарк-насил, үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктар боюнча туура диний түшүнүк берүү, ошондой эле КМДБ тарабынан бирдиктүү негизде чыгарылган шариаттык фатвалардын мазмунун кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле жолугушуулардын жүрүшүндө катышуучулар өздөрүн кызыктырган диний маселелер боюнча суроолорун берип, КМДБнын адистери тарабынан жоопторду алышты.