«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Коом | 04.08.2026
  • |

КМДБ медреселерге жаңы окуу программаларын тапшырып, санариптик билим берүү боюнча долбоорду ишке киргизди

Бүгүн 4-август күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында (КМДБ) өлкөдөгү медреселердин жетекчилеринин жыйыны өтүп, анда 2026–2027-окуу жылына арналган жаңыланган Типтүү окуу программалары тапшырылды. Ошондой эле медресе мугалимдеринин санариптик сабаттуулугун жогорулатууга багытталган үч айлык окутуу долбоору расмий түрдө ишке киргизилди.

Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Азирети муфтийдин орун басары Рафаиль ажы Татиков, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары Айбек Иминов, КМДБнын Диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, КМДБнын  борбордук аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан келген медреселердин жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө КМДБнын Диний билим берүү бөлүмү тарабынан даярдалган Типтүү окуу программалары медреселердин директорлоруна жана алардын окуу иштери боюнча орун басарларына тапшырылды. Программа өлкөдөгү бардык медреселерде окуу процессин бирдиктүү стандарттын негизинде уюштурууга, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана диний билим берүүнү заманбап талаптарга ылайык өркүндөтүүгө багытталган.

Ошондой эле жыйында «Медресе мугалимдерин санариптик билимдерге окутуу жана IT тармагына даярдоо» аталышындагы жаңы долбоор тааныштырылды. Долбоордун биринчи этабы 2026-жылдын 7-августунда башталып, октябрь айына чейин уланат. Бул мезгил аралыгында медресе мугалимдери компьютердик сабаттуулук, санариптик платформаларды колдонуу жана билим берүү процессинде заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу боюнча окуудан өтүшөт.

Жыйын соңунда медресе жетекчилерине жаңы окуу жылына даярдык иштерин сапаттуу жүргүзүү, бекитилген Типтүү окуу программаларынын негизинде окуу процессин уюштуруу жана санариптик окутуу курстарына мугалимдердин активдүү катышуусун камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Аталган иш-чара диний билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, медреселерде бирдиктүү билим берүү стандарттарын бекемдөөгө жана билим берүү процессине заманбап санариптик технологияларды кеңири киргизүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.