«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Коом | 07.10.2026
  • |

Иорданияда өтө турган Куран жарышына тандоо туру өтөт

Жарыя Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Куранды толук жаттаган мекендештерди Иордания Хашимиттик Падышалыгында өтө турган эл аралык Куран жарышына катышууга чакырат.
Жарышка Кыргызстандан катышуучуларды тандоо максатында 2026-жылдын 24-октябрында Бишкек шаарында онлайн тандоо сынагы өткөрүлөт.
Конкурска катышуучуларга коюлган талаптар:
1.    Куранды толук 30 пара жатка билүүсү керек.
2.    Катышуучунун жашы 29дан ашпашы керек.
3.    Буга чейин ушул конкурска катышпаган болушу керек.
4.    Жарышка 1 мырза жана 1 кыз мүмкүнчүлүк алат.
Талаптарга жооп берген жана сынакка катышууну каалаган талапкерлер 29-октябрдагы тандоо сынагына катталуусу зарыл.
Катталуу жана кошумча маалымат алуу үчүн: 
Байланыш телефону (ватсап): 0707 196 438  Абдулло каары
Бардык талапкерлерди активдүү катышууга чакырабыз.