«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Коом | 21.09.2026
  • |

«Имам Азам» медресесинде Куран жана хадис боюнча ижаза берүү аземи өттү

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында Жусуп Баласагын атындагы диний агартуу борборунун карамагындагы «Имам Азам» медресесинде Куран-и Каримди жана хадистер жыйнагын тиешелүү тартипте окуп, белгиленген талаптарды ийгиликтүү аткарган мугалимдерге ижаза берүү аземи болуп өттү.

Ижаза — устаздан Куран-и Каримди жана хадис илимин белгиленген тартипте үйрөнүп, аны кийинки муунга үйрөтүүгө уруксат берүүчү илимий-диний мурас катары өзгөчө мааниге ээ.

Иш-чаранын жүрүшүндө сөз сүйлөгөн жетекчилер диний билим берүүнүн коомдогу ордуна токтолуп, Куранды жана Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алайхи васаллам) хадистерин туура үйрөнүп, аны кийинки муунга жеткирүү чоң жоопкерчилик экенин белгилешти.

Ошондой эле ижаза алган мугалимдерди куттуктап, алган билимдерин элдин руханий өнүгүүсүнө жумшоого, жаштарды адеп-ахлакка, илим-билимге жана жакшы иштерге үндөөгө чакырышты.

Аземге  Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Реформаларды стратегиялык пландаштыруу жана талдоо бөлүмүнүн башкы эксперти Замирбек Турсунбеков, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков,   Азирети Муфтийдин Чүй облусундагы өкүлү Сулумбек ажы Узеналиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Диний билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Равшан ажы Эратов, диний окуу жайдын жетекчилиги, мугалимдер, студенттер жана ата-энелер катышты.

Белгилей кетсек, Жусуп Баласагын атындагы диний агартуу борборунда уюштурулуп жаткан мындай иш-чаралар Кыргызстанда диний билим берүүнү өнүктүрүүгө, салттуу ислам баалуулуктарын жайылтууга жана илимдүү, тажрыйбалуу дин кызматкерлерин даярдоого багытталган.

Иш-чаранын соңунда ыйык Куранды  жана хадистер жыйнагы боюнча ижаза алган бүтүрүүчүлөргө тиешелүү документтер тапшырылып, аларга ак жол каалоолору айтылды.