"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Үстүбүздөгү жылдын 1-14-апрель күндөрү муфтиятка келип түшкөн фитир-садака каражаты шарият көрсөтүлгөн орундар боюнча өз даректерине жеткирилди. Бул тууралуу КМДБнын финансы жана чарба бөлүмүнүн башчысы Толкунбек ажы Жуманов билдирди.
Маалымдамага ылайык, жалпы фитир-садаканын 60 пайызы жергиликтүү мечиттерде, 30 пайызы райондук хатибияттар жана аймактык өкүлчүлүктөрдө муктаждарга таратылды, таратылууда.
Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын эсебине 10 пайызы келип түшкөн. Бул сумма 7 440 000 сомду түзүп, атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен КМДБнын курамындагы медреселерге, арызы менен кайрылган ар кандай муктаждыктагы жарандарга жана жетим-жесирлерге таратылды. Тагыраак айтканда, 1075 жаранга абалына жараша 3 миң сомдон 15 миң сомго чейин берилсе, андан сырткары 12 медресеге 100 миң сомдон бөлүндү.
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров фитир-садакадан келип түшкөн ар бир сом ибадаттык акча экенин, аны таратууда өтө аманаткөй жана так болуу зарылдыгын, ар бир тыйындын отчёту болушу керектигин баса белгилеп, мекеменин тиешелүү бөлүмдөрүнө, ошондой эле диний өкүлчүлүктөргө, хатибияттарга жана мечиттерге тапшырма берген.