"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 02.05.2026
  • |

Бишкекте белгилүү аалым, шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун бейнесине арналган иш-чара өткөрүлдү

Бүгүн, 2-май күнү ордо калаадагы Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин конференция залында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын демилгеси, “Дарак” басма үйүнүн уюштуруусу менен Орто Азияга белгилүү аалым, шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун бейнесине арналган иш-чара өттү. Саамалык диний аалымдын өрнөктүү өмүрү баяндалган “Исламга арналган өмүр” жана аалымдын ѳз калемине таандык “Бактылуу үй-бүлө” китептеринин кыргыз тилиндеги басылышынын салтанаттуу бет ачар аземи менен коштолду.

Иш-чарага бир катар кадыр-барктуу коноктор катышты. Алардын катарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикром Ниязходжаев, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басарлары Шакир ажы Маматов жана Рафаил ажы Татиков, шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун уулу Мухаммед Ысмайыл башында турган өзбекстандык аалымдар, «Hilol Nashr» басмасы жана Islom.uz порталынын жетекчиси Исмоил Муҳаммад Содиқ, устаза Одинахон Муҳаммад Содиқ, «Дарак» басмасынын жетекчиси Сейитбек Идрисов, төкмө акын Идрис Айитбаев жана башка күйөрмандар, дегеле илимге кызыккандар аземдин көркүн ачышты.

Программанын алкагында шейх тууралуу даректүү тасма жана «Дарак» басмасы боюнча тааныштыруу видео материалдар көрсөтүлдү.

Катышуучулар исламга арналган өмүргѳ, бактылуу үй-бүлѳ боюнча маңыздуу эмгекке күбѳ болуп, жөн гана көрүү үчүн эмес, жүрөктү козгогон сезимге бѳлѳнүп кеткенин уюштуруу тобунан билдиришти.

Айта кетсек, иш-чаранын жүрүшүндө китеп жана сүрѳт кѳргѳзмѳлѳрү да уюштурулду.