«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Баткен облусундагы баардык имам-хатибтер бирдиктүү формага өтүштү. Бул иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун 40 кадамдан турган стратегиялык планын ишке ашыруу максатында Азирети Муфтийдин Баткен облусундагы өкүлүнүн демилгеси менен ишке ашып, дин кызматкерлеринин коомдогу кадыр-баркын көтөрүү, сырткы көрүнүшүн ирээтке келтирүү жана кызматтык маданиятын жогорулатуу боюнча берилген тапшырмалардын алкагында жүргүзүлдү.
Аталган иш-чарага Азирети Муфтийдин Баткен облусундагы өкүлү Муратали кары Мамадияр уулу жана Баткен облусу боюнча баш имам-хатибтер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө өкүлчүлүк тарабынан жыйын өткөрүлүп, дин кызматкерлерине бир катар тапшырмалар берилди.
Бирдиктүү расмий форманын киргизилиши дин кызматкерлеринин кызматтык тартибин бекемдөөгө, жоопкерчилигин арттырууга жана коомдогу имамдардын аброюн жогорулатууга багытталган.