«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрь күнү саат 8:00д «Кыргызтест» мекемесинде тесттик сынак өткөрүлөт. Тесттик сынак Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 267 дареги 4-кабатта болот. Талапкерден ID паспорт жана «Кыргызтестке» тест үчүн төлөнгөн акчанын кагаз түрүндөгү квитанциясы талап кылынат!
Тесттик сынактан ийгиликтүү өткөндөргө баарлашуу сынактары 2026-жылы 20-сентябрында өтөт.
Мыйзамдар боюнча
Суроолор төмөнкү Кыргыз Республикасынын дин жаатындагы негизги мыйзамдарынан жана ченемдик укуктук актыларынан түзүлөт:
1. «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы — 2025-жылдын 21-январындагы №18 Мыйзам.
2. «2021–2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы» — Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № ПЖ 412 Жарлыгы менен бекитилген.
3. «Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы — 2023-жылдын 24-февралындагы №40 Мыйзам.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциясындагы динге тиешелүү беренелерден түзүлөт.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы Мыйзамы менен кабыл алынган.)
Диний суроолор
1. Мухрим бир колунан эки, экинчисинен үч тырмак алса, аалымдардын өкүмү кандай?
2. Намаз учурунда үн чыгарбай жылмаюунун өкүмү кандай?
3. Муздалифадан Минага качан чыгуу сүннөт?
4. Аллах Тааланын «Кыдам» сыпаты эмнени билдирет?
5. Ажылыктын негизги амалдары аткарыла турган күндөр кайсылар?
6. Ихрамдагы адам эки кол, бутунун бардык тырмактарын бир отурушта алса, кандай жаза болот?
7. Жинаят малы качан союлушу мүмкүн?
8. Жамараттарга канчадан таш атуу керек?
9. Түкүрүктөгү кандын өлчөмү түкүрүккө тең же андан көп болсо, даараттын өкүмү кандай болот?
10. Эркек талбияны кандай үн менен айтат?
11. Муким кезде каза болгон төрт рекеттүү намазды сапарда канча рекет окуйт?
12. Жума намазы үчүн гусул алуунун өкүмү?
13. Аллахтын «ирада» жана «илим» сыпаттарынын айырмасы кайсы?
14. Кулап түшүүдөн же оорудан улам уруктук суюктук кумарсыз чыкса, кандай өкүм болот?
15. Авраты ачык абалда таваф кылып, кийин аны кайра аткарса, кандай жаза берилет?
16. Адам өлгөндөн кийинки кабыр жашоосу тууралуу туура ишеним кайсы?
18. Имамга уюп намаз окуган адам кыраат кылабы?
19. Йемен тараптан келген адамдын микаты касыл жерден башталат?
20. Жакшылык менен жамандыктын баарын Аллах жаратат деген ишеним эмнени билдирбейт?
21. Кем акылдарга (мажнун) ажылык важиб болобу?
22. Союлуучу жерге өзү басып бара албаган аксак мал курбандыка жарайбы?
23. Курман айт күнү Жамаратул-Акабага таш атуунун тартиби кандай?
24. Өтө арык, чучугу калбаган мал курбандыка жарайбы?
25. Басууга күчү жетпеген оорулуу саъйды кантип аткарат?
26. Мединага Пайгамбарыбызды зыярат кылуу ниети менен бара жаткан адам эмнени көп айтуусу керек?
27. Ихрамда кол кап кийүүгө болобу?
28. «Акыйда насафия» китебинин автору ким?
29. Айт хутбасы намаздан мурдабы же кийинби?
30. Хайз учурунда кармалбай калган парз орозолордун өкүмү кандай?
31. Намазда турганда, отурганда, рукуъда же саждада уктап калса, даараттын өкүмү кандай болот?
32. Мусапыр төрт рекеттүү намазда муким имамга убакыттын ичинде уюса, намазын канча рекет окуйт?
33. Кош бойлуу аялдан келген кан кандай өкүмдө болот?
34. Тавафул-кудум кимдер үчүн сүннөт болуп эсептелет?
35. Акыйдада адамдын «касбы» деген эмне?
36. Тавафтын жети айлампасын бүткөндөн кийин канча рекет намаз окулат?
37. Дааратсыз адамдын Куран китебин түздөн-түз кармашынын өкүмү кандай?
38. Хайз учурунда аял кишиге таваф кылууга уруксатпы?
39. Ихрамга кирердин алдында тырмакты алуу, мурутту кыскартуу жана аврат түктөрүн тазалоо кандай амал?
40. Куптан намазынын убактысы качан бүтөт?
41. Жатып же жамбашы жерге бекем тийбеген абалда бир нерсеге таянып уктоо дааратты бузабы?
42. Пайгамбарлардан кийин эң жогорку даражага ээ болгон адамдар кимдер?
43. Мухрим ихрамда жыпар жыт колдонсо, чачын же тырмагын алса, кандай өкүм болот?
44. Саъйды толугу менен аткарбай койсо, кандай жаза милдеттүү болот?
45. Даарат алганда чыканактарды жуунун өкүмү кандай?
46. Мухаммад ﷺ тууралуу «хатам ан-набиййин» деген сөз эмнени билдирет?
47. Пайгамбарыбыздын ﷺ мечитине кирген адам алгач эмне кылат?
48. Мухрим вукуф убагында Арафатта уктап же Арафат экенин билбей бир аз турса, вукуфу эсептелеби?
49. Курмандыкка кайсы малдын түрлөрү жарактуу?
50. Ахли сүннөт ишеними боюнча сахабаларга кандай мамиле кылуу керек?
51. Харам аймагында өзүнөн-өзү өсүп чыккан даракты кесүүнүн өкүмү кандай?
52. Мужиза менен тастыкталган расулдун кабары кандай илимди пайда кылат?
53. Арафатта туруунун (вукуфтун) убактысы качан?
54. «Хакаикул-ашяи сабитатун» деген сөз эмнени билдирет?
55. Ихрамдагы адам колу-буттарынын тырмактарын ар башка отуруштарда алып салса кандай жаза болот?
56. Нафил намазды окуп жатып бузуп алса, эмне кылышы керек?
57. «Мултазам» деген эмне?
58. Мусхафтын кагазы менен Аллахтын каламынын айырмасы эмнеде?
59. Арафаттагы вукуф кайсы жерде аткарылган болуп эсептелбейт?
60. Текстте Ухуд шейиттерин кайсы күнү зыярат кылуу мустахаб деп айтылган?
61. «Арафат» деген эмне?
62. Тавафул-кудумду дааратсыз аткарса, кандай жаза милдеттүү болот?
63. Хайз учурунда аял кишинин парз орозосунун өкүмү кандай?
64. Саъйдин ар бир жүрүшүндө айтыла турган белгилүү важиб дуба барбы?
65. Кабыр азабы жана жыргалы тууралуу туура ишеним кайсы?
66. Намазды ишарат менен баштап, кийин рукуъ жана сажда кылууга күчү жетсе, эмне кылат?
67. «Мухалафатун лил-хавадис» сыпаты эмнени жокко чыгарат?
68. Мусапыр үчүн маасыга масх тартуунун мөөнөтү канча?
69. Эгерде тавафуз-зияраттын үч айлануусун аткарбай калтырса, ага кандай жаза милдеттүү болот?
70. Тавафуз-зияраттын ажылыктагы өкүмү кандай
71. Пайгамбарларды жиберүүнүн негизги максаттарынын бири кайсы?
72. Ташриктин акыркы күнү үч жамаратка таш атса, Абу Ханифа боюнча кандай жаза милдеттүү?
73. Аллахтын «илим» сыпаты тууралуу туура пикир кайсы?
74. Имам Абу Ханифанын негизги пикири боюнча аср намазынын убактысы качан кирет?
75. Истихаза деген эмне?
76. Ихрамга кирерден мурун эки рекет намаз окуунун өкүмү кандай?
77. Адамдардын амалдарын ким жаратат?
78. Абу Ханифа жана Мухаммад боюнча шамды Арафатта же жолдо окуса, эмне кылат?
79. Дааратта башка канча жолу масх тартылат?
80. Меккеде турган адам ажылык үчүн ихрамга кайсы аймактан кирет?
81. Намазда Фатиха сүрөсүн окууну унутуп калса, сажда сахв кылабы?
82. Нифас деген эмне?
83. Саъй жарактуу болушу үчүн ага чейин кайсы амал аткарылышы керек?
84. Абу Ханифа боюнча мухрим башынын канча бөлүгүн жапса, кой союу важиб болот?
85. Мисвак колдонуунун өкүмү кандай?
86. Умранын тавафын дааратсыз аткарса, кандай жаза милдеттүү болот?
87. Матуридий акыйдасы боюнча адамдын амалдары тууралуу туура түшүнүк кайсы?
88. Арафатта имам менен бешимди, асрды кошуп окуганда канча азан жана икамат айтылат?
89. Атуу керек болгон 21 таштын ордуна 18 таш атса, кандай жаза милдеттүү болот?
90. Шапаат тууралуу туура ишеним кайсы?
91. Ихрамдагы адам эти желбеген жырткыч жаныбарды өлтүрсө, кандай өкүм болот?
92. Ихрамдагы адам үч манжасынын тырмактарын гана алса, кандай жаза милдеттүү болот?
93. Гусулда оозду чайкоонун өкүмү кандай?
94. Үзүрсүз унаада отуруп, ишарат менен парз намаз окууга болобу?
95. Саъйды дааратсыз аткарса, кандай жаза милдеттүү болот?
96. Ханафий мазхабы боюнча курмандык (Удхия) кайсы күндөрү чалынат?
97. «Жисм» түшүнүгүнүн негизги белгилеринин бири кайсы?
98. Ихрамдагы эркек ички кийимди (трусы же майка) 1–2 саат кийсе, кандай жаза милдеттүү?
99. Намаздын шарттары менен ички парздарынын жалпы саны канча?
100. Тавафус-садарды унутуп, аткарбай калса, кандай жаза милдеттүү болот?
101. Жунуп абалындагы адам зикир кылса болобу?
102. Багымдаттын парзынан кийин күн чыкканга чейин нафил намаз окуунун өкүмү кандай?
103. Насвай колдонуу дааратты бузабы?
104. Ихрамдагы адам бир мүчөсүнө жетпеген аянтка жыпар жыттуу зат сүйкөсө, кандай жаза милдеттүү?
105. Ихрам күчүнө кириши үчүн ниетке эмне кошулушу керек?
106. Амалдарды жаратуу менен адамдын касбынын айырмасы эмнеде?
107. Бардык жамараттарга таш атууну толугу менен аткарбай койсо, кандай жаза милдеттүү болот?
108. Хайз учурунда аял киши зикир кылса болобу?
109. Оорулуу тик тура албаса же туруу оорусун күчөтсө, намазды кандай окуйт?
110. Ооз толо кусса, эмне кылуу керек?
111. Ажылыкка барып-келүү жол киресине гана каражаты жеткен адамга ажылык парзбы?
112. Витир намазында кунут дубасын окууну унутса, эмне кылат?
113. Бадал ажылыкка кимди жөнөтүү абзел?
114. Парз намаз окуган адам нафил намаз окуган имамга уюса болобу?
115. Тавафта рамал кайсы айлампаларда жасалат?
116. Бадал ажылыктагы адам Арафаттагы вукуфка чейин жыныстык катнаш кылса, кандай жоопкерчилик тартат?
117. «Саъй» деген эмне?
118. Котуру терисинде гана болуп, этине өтпөгөн мал курмандыкка жарайбы?
119. Шам тараптан келген адамдын микаты кайсы?
120. Ихрамдагы адам аңды өлтүрүп койсо, анын наркын кимдер баалашы керек?
121. Ханафий мазхабы боюнча карин жана муфрид тавафул-кудумду качан аткарат?
123. Ханафий мазхабы боюнча жыныс мүчөгө кол тийгизсе, кандай өкүм болот?
124. Эки хайздын ортосундагы тазалыктын эң аз мөөнөтү канча?
125. Шариатта «сойд» (аң) деп кандай жаныбар айтылат?
126. Азанды «тарсиль», икаматты «хадр» менен айтуу эмнени билдирет?
127. Адам 10-зулхижжада таң атканга чейин Арафатка жетпесе, эмне кылат?
128. Осуят боюнча аткарылган бадал ажылыктын сапар чыгымы кандай өлчөмдө болушу керек?
129. Имам шам намазынын алгачкы эки рекетинде жаңылып кыраатты ичинен окуса, эмне кылат?
130. «Таваф» деген эмне?
131. Тавафуз-зияратты жунуп абалда аткарып, кийин гусул алып кайталаса, жаза моюнунан түшөбү?
132. Аллах Тааланын сыпаттарынын «азалий» болушу эмнени билдирет?
133. Тавафус-садар (Вида) качан аткарылат?
134. Имам Мухаммад боюнча мухрим тырмактарын ар башка отуруштарда алса, жалпы жазасы кандай болот?
135. Адамдын сырткы сезүү органдарынын негизги түрлөрү канча?
136. Мухримдин белине кур же акча салгыч байлоосунун өкүмү кандай?
137. Намазды ишарат менен баштаган адам кийин руку жана саждага күчү жетсе эмне кылат?
138. Хади малынын жабуусун жана жибин эмне кылуу мустахаб?
139. Жамаат менен окулуучу парз намазга азан айтуунун өкүмү кандай?
140. Истихаза учурунда аялдын Рамазан орозосунун өкүмү кандай?
141. Ихрамдагы адам тигилген кийимди бир күн бою кийсе, ага кандай жаза милдеттүү болот?
142. Нафил намаз окуган адам парз намаз окуган имамга уюса болобу?
143. Нажд тараптан келген адамдын микаты кайсы?
144. Даарат алгандан кийин кийимге нажасат тийсе, даарат бузулабы?
145. Намаздын акыркы каадасында канча убакыт отуруу парз?
146. Акыреттеги Сырат тууралуу туура ишеним кайсы?
147. Тавафтан кийинки эки рекетти Макам Ибрахимдин артында окууга мүмкүн болбосо, эмне кылат?
148. Жунуп адам Курандагы дубаны тилават эмес, дуба ниети менен айтса болобу?
149. Ихрамдагы ажынын «Лаббайк, Аллахумма лаббайк…» деп айткан зикири кандай аталат?
150. Күндүн бир бөлүгү горизонтто көрүнүп турса, шам намазын окууга болобу?
151. Вукуфтан кийин, чачын алдыруудан жана тавафуз-зияраттан мурун жыныстык катнаш кылса, эмне кылат?
152. Тальбиянын тексти кандай башталат?
153. Куран тууралуу туура ишеним кайсы?
154. Жамараттар канча?
155. Кыран ажысында вукуфтан кийин, чач алдыруудан мурун билип туруп жыныстык катнаш кылса, жазасы кандай?
156. Арткы жолдон жел чыкса, даараттын өкүмү кандай?
157. Саъйда жашыл белгилердин ортосунда эркек киши кандай жүрөт?
158. Намазда өзү уккандай күлүп, жанындагы адам укпаса, өкүмү кандай?
159. Абу Бакр Сыддыкка (р.а.) салам берүү үчүн оң тарапка канча жылат?
160. Эркек мухрим тигилген кийим кийсе же башын жапса, кандай өкүм болот?
161. Адам жыныстык түш көрүп, бирок нымдуулук таппаса, кандай өкүм болот.
162. Оорулуу тик тура алса, бирок рукуъ-сажда кыла албаса, кандай окуганы артык?
163. Бадал ажылыктагы адам ихрамдын тыюусун бузса, дамды ким өтөйт?
164. Бычылган малды курмандыкка чалууга болобу?
165. Ажылык парзы бир адамга өмүрүндө канча жолу жүктөлөт?
166. Мухрим куштун канатын же аңдын бутун кесип, кача алгыс кылса, жазасы кандай?
167. Мусапыр касыр намазын жаңылып төрт рекет окуса, өкүмү кандай?
168. «Хабар-и садик» канча түргө бөлүнөт?
169. Өзү баса албаган жаш бала саъйды кантип аткарат?
170. Таяммум алган адам даарат алган адамга имам боло алабы?
171. Хади малын минип пайдаланууга качан уруксат берилет?
172. Акыйдада «Мизан» деген эмне?
173. Аллах Тааланын «вахданияты» эмнени камтыйт?
174. Таваф учурунда Кааба адамдын кайсы тарабында болушу керек?
175. Намазда көкүрөгү кыбылада калып, жүзү башка жакка бурулса, өкүмү кандай?
176. Дааратта ниет кылуунун өкүмү кандай?
177. Үч күнгө жетпеген же он күндөн ашкан кан эмне деп аталат?
178. Рукуъ-саждалуу намазда жанындагы адам уккандай күлсө, кандай өкүм болот?
179. «Куран махлук эмес» деген ишеним эмнени билдирет?
180. Саъйдин жарактуу болушу үчүн даарат алуу шартпы?
181. Каза намазын окууга тыюу салынган үч убакыт кайсы?
182. Мани кумар менен түртүлүп чыкса, кандай өкүм болот?
183. Арафаттагы вукуфка чейин жыныстык катнаш кылса, ажылыгынын өкүмү кандай болот?
184. Таматтуъ же кыран хадисинин этинен ээси жей алабы?
185. Муфридге бир кой важиб кылган жинаят үчүн карин канча кой соёт?
186. Хади малын союуну билген ээси үчүн ким сойгону абзел?
187. Ихрамдагы адам эки саат топу кийди, ага кандай жаза милдеттуу болот?
188. Мухрим аңды өлтүрсө же мергенчиге ордун көрсөтсө, кандай өкүм болот?
189. Авратын жабуучу кийими жок адам намазды кандай окуганы абзел?
190. Мухрим чачын алдыргандан кийин, тавафуз-зияратка чейин эмнеге тыюу салынат?
191. Нажасат тийген кийим менен таваф кылса, кандай жаза милдеттүү болот?
192. Намазды туруп баштап, кийин турууга күчү жетпей калса, эмне кылат?
193. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы ихрамда колдонууга тыюу салынат?
194. Акыйдада ааламдын «хадис» болушу эмнени билдирет?
195. Хайз мөөнөтүнүн ичинде кан токтоп, кайра келди эмне болот?
196. «Самаъ» жана «басар» сыпаттары эмнеге байланыштуу?
197. Мөмө ширеси менен даарат алууга болобу?
198. Витир намазында кунут дубасын окууну унутса, эмне кылат?
199. Кыяматтагы «хашр» түшүнүгү эмнеге байланыштуу?
200. Эс-учун жоготуп, эки намаздын убактысын өткөрсө, айыкканда эмне кылат?
201. Мекке тургундарына кыран ажылыгын аткарууга болобу?
202. Айт намазына баруу үчүн гусул алуунун өкүмү кандай?
203. Ихрамдагы адам ихрамда эмес адам кармаган аңдын этинен жесе болобу?
204. Хайз учурунда аял Куран окуп, Мусхафты түз кармай алабы?
205. Насафийде адам үчүн илимдин негизги себептери канча деп айтылат?
206. 10-зулхижжада Акаба жамаратына таш атуунун сүннөт убактысы кайсы?
207. Пайгамбарыбызды мечитине кирерден мурда, мүмкүнчүлүгү болсо, кайсы амалдарды кылуу мустахаб?
208. Денеден кан же ириң агып чыкты даарат бузулабы?
209. Сапарга чыккан адам касыр намазын качан окуп баштайт?
210. Хайздын эң көп мөөнөтү канча?
211. Арафаттагы вукуфтун убактысы качан аяктайт?
212. Биринчи отурумда ташаххуддан кийин салават окуп койсо, эмне кылат?
213. 10–13-зулхижжа күндөрү жамараттарга жалпы канча таш атылат?
214. Намаз учурунда эсинен танып калса, кандай өкүм болот?
215. Ихрамдагы адам мойнундагы түктөрдү толугу менен алып салса кандай жаза болот?
216. Муздалифада канча таш чогултуу керек?
217. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы дааратты бузбайт?
218. Зам сүрө окуу важиб болгон рекетте аны унутса, эмне кылат?
219. «Куллу шайъин аъзаму мин жузъихи» сыяктуу нерсени билүү кайсы илимге мисал болот?
220. Кыбыланы изилдеп окуп, убакыт чыккандан кийин жаңылганын билсе, намазын кайталайбы?
221. Аллах Тааланын «Бака» сыпаты эмнени билдирет?
222. Айыз абалында умра тавафын аткарган аялга кандай жаза милдеттүү?
223. Касапчынын акысын курмандыктын эти же териси менен төлөөгө болобу?
224. Жума намазына баруу үчүн гусул алуунун өкүмү кандай?
225. Аял киши алыс ажылык сапарына жалгыз чыга алабы?
226. Жунуп адам Куранды жатка окуй алабы?
227. Ихрамга кирген эркектин негизги кийими кайсы?
228. «Баас» деген термин эмнени билдирет?
229. Курбандык кылынган малдын терисин сатса болобу?
230. Ихрамга кирүү үчүн гусул алуу кандай амал?
231. Саъй кайсы жерден башталып, кайсы жерден бүтөт?
232. Намазда кыбыласы туура эмес экенин анык билсе, эмне кылат?
233. Хайз (этек кир) деген эмне?
234. Умра кылуу кайсы күндөрү макрух болот?
235. Айт намазындагы кошумча такбирлер кандай тартипте айтылат?
236. Курман айт намазына баруу үчүн гусул алуунун өкүмү кандай?
237. Жинаят үчүн союлган дамдын этинен ээси жей алабы?
238. Эс-учун жоготуп, алты намаздын убактысын өткөрүп жиберсе, эмне кылат?
239. Мухрим чачынын канчасын алса, бир кой союу милдеттүү болот?
240.«Аллах Таала каалаган нерсесин кылат» деген түшүнүк кайсы сыпат менен көбүрөөк байланыштуу?
241. Мухрим эркек үзүр менен тигилген кийимди бир күн кийсе, жазасы кандай?
242. Саъйди тавафтан мурун кылса болобу?
243. Даараттан кийин бир парз мүчөсү жуулбай калганын байкаса, эмне кылат?
244. Эркек ажы курмандык чалып, таш аткандан кийин чачын кандай алдырганы абзел?
245. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы Насафийде илимдин себептерине кирбейт?
246. Тавафул-кудум кимдер үчүн сүннөт?
247. Ихрамдагы адам өзүнүн жыныстык мүчөсүн кармалап, натыйжада мани чыгарса, кандай жаза болот?
248. Хайз мезгилинде аял киши мечитке кире алабы?
249. Ихрамга кирерден мурун даарат менен гусулдун кайсынысы артык?
250. Чачын алдырып, тавафуз-зияратка чейин жыныстык катнаш кылса, кандай жаза милдеттүү?
251. Чоң күнөө кылган мусулмандын акыйдадагы өкүмү кандай?
252. Күн чыгып жаткан учурда багымдаттын парзын окууга болобу?
253. «Кудрат» сыпаты кайсы нерсеге тиешелүү?
254. Тавафтан кийинки эки рекет намаздын өкүмү кандай?
255. Башы менен ишарат кыла албаган оорулуу ошол абалда каза болсо, намаздарынын өкүмү кандай?
256. Муздалифада эмне жасалат?
257. Кулагынын же куйругунун үчтөн экиси жок мал курмандыкка жарайбы?
258. Эркектин авраты кайсы жерден кайсы жерге чейин?
259. Башка масх тартуунун парз өлчөмү канча?
260. Аялдар таваф учурунда рамал кылышабы?
261. Жумхур аалымдардын пикири боюнча, жүрөгү менен ишенип, тили менен айта албаган адамдын ыйманы кандай?
262. Аср намазынан кийин сажда тилават кылуунун өкүмү кандай?
263. Кыран ажылыгында умра тавафынан кийин, Арафаттагы вукуфка чейин жыныстык катнаштын өкүмү кандай?
264. Таваф учурунда аял кишиге тийип кетүүнүн өкүмү кандай?
265. «Чоң күнөө ыйманды толук жок кылат» деген пикир кимдерге таандык?
266. Гусулда мурунду чайкоонун өкүмү кандай?
267. Нифас мезгилинде аял кишиге кайсы иш-аракеттерге тыюу салынат?
268. Муздалифада түнөөнүн өкүмү кандай?
269. Дааратта чыканактарды жуу парз эмес деген пикир кимге таандык?
270. Даарат алууда көздүн ички тарабын жуунун өкүмү кандай?
271. Төмөнкү пикирлердин кайсынысы Насафий акыйдасынын негизги танзих принциптерине каршы?
272. Нифас мезгилинде аялдын парз орозосуна байланыштуу өкүм кандай?
273. Ихрамдагы адамдын миск колдонуусунун өкүмү кандай?
274. Руку жана саждалуу намазда үн чыгарып катуу күлүүнүн өкүмү кандай?
275. Жинаяттын жазасы болгон орозону кайсы жерде кармоого болот?
276. "Мина" деген эмне?
277. Ихрамдагы адам көп бит өлтүрүп койсо, ага кандай жаза милдеттүү болот?
278. Момундардын акыретте Аллах Тааланы көрүүсү тууралуу Матурудий акыйдадагы туура жооп кайсы?
279. «Хаж» сөзүнүн тилдик мааниси кайсы?
280. Эгерде жаза катары бир кой союу милдеттүү болуп калса, аны кайсы жерде союу керек?
281. Коштошуу тавафы хайздагы аялга милдеттүүбү?
282. Ихрамдагы адам аялды карап, ошонун натыйжасында мани чыкса, ага кандай жаза милдеттүү болот?
283. Оорулуу адам руку жана сажда кыла албаса, намазды кандай окуйт?
284. Тавафтан кийин эмне жасалат?
285. Такбир ташрик канча күн айтылат?
286. Ахли сүннөт боюнча, акыретте Аллах Тааланы көрүү кандай түшүндүрүлөт?
287. Тубаса кулагы таптакыр жок малды курмандыкка чалууга болобу?
288. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы маани сыпаттарынын катарына кирет?
289. Парз намаздын алгачкы эки рекетинде зам сүрөнү унутса, эмне кылат?
290. Тавафуз-зияратты жунуб абалда аткарса, ага кандай жаза милдеттүү болот?
291. Жамаат менен намаз окуунун өкүмү кандай?
292. Ихрамдан чыгуу үчүн эмне кылуу керек?
293. Маасысына масх тарткан адам бутун жууган адамга имам боло алабы?
294. Аял киши күйө баласы менен ажылык сапарына бара алабы?
295. Истихаза мезгилинде аял кишинин гусул алуусу шартпы?
296. Пайгамбарлардын «фатанат» сыпаты эмнени билдирет?
297. Абу Юсуф боюнча, мухрим тигилген кийимди күндүн көбүндө кийсе, жазасы кандай?
298. Даарат алууда мисвак колдонуунун өкүмү кандай?
299. Акыйда Насафия китебинин авторунун төрөлгөн жана өткөн жылы?
300. Тавафуз-зияратты дааратсыз аткарса, ага кандай жаза милдеттүү болот?
301. Аял жыныстык түш көрүп, ойгонгондо нымдуулук тапса, эмне кылат?
302. Жамаратул-Акабага таш атканда канча таш колдонулат?
303. Айт намазына азан жана икамат айтуунун өкүмү кандай?
304. Саъй Сафа менен Марванын ортосунда канча жүрүштөн турат?
305. Ихрамдагы адам аңды өлтүрүп койсо, анын наркын кимдер баалашы керек?
306. Кыран ажылыгы кандай аткарылат?
307. Ханафий мазхабы боюнча гусулдун парздары кайсылар?
308. Ихрамдагы адам жыпар жыттуу шампунь менен башын жууса жаза милдеттүү болот?
309. Оорулуу адам отуруп намаз окуй албаса, кандай абалда окуйт?
310. Эгерде аял тавафуз-зияратты айыз абалында аткарса, ага кандай жаза милдеттүү болот?
311. Саъй кайсы жерде аяктайт?
312. Аял айызда аткарган тавафуз-зияратты гусулдан кийин кайталаса, жазасы түшөбү?
313. Мухримдин ихрам абалында соода кылуусунун өкүмү кандай?
314. Мухрим эркек үзүрдөн улам чачын алса, жазасы кандай?
315. Айт намазынын алдында жана андан кийин нафил намаз окуунун өкүмү кандай?
316. Ааламдын хадис экендигинен кандай жыйынтык чыгарылат?
317. Микатты ихрамсыз өткөн адам тавафка чейин кайтып, ихрамга кирсе, өкүмү кандай?
318. Насафийдин «Акаид» матнында ыйман кандай аныкталат?
319. Гусулда чачтын түбүнө суу жеткирүүнүн өкүмү кандай?
320. Кыямда кол байлангандан кийин алгач кайсы зикир окулат?
321. Ихрамдагы адам аңды өзү союп койсо, союлган аңдын этинин өкүмү кандай болот?
322. Мусапыр төрт рекеттүү парз намаздарды канча рекет кылып окуйт?
323. Аял тавафул-кудумду айыз абалында аткарса, ага кандай жаза милдеттүү болот?
324. Жунуп адам Мусхафты түздөн-түз кармай алабы?
325. Дааратта жүздүн кайсы бөлүгүн толук жуу парз?
326. Бейиш менен тозоктун бар экендиги тууралуу туура пикир кайсы?
327. Тарвия күнү ажынын Минада аткаруучу негизги амалы кайсы?
328. Ажылык парз болгон адам осуятсыз каза болсо, мураскору бадал ажылык кылууга милдеттүүбү?
329. Мусапырга жума намазы парзбы?
330. «Кыям би-нафсихи» сыпаты кандай маанини билдирет?
331. Ханафий мазхабы боюнча Мекке тургундары таматту ажылыгын кыла алабы?
332. Бадал ажылыкка берилген каражат ашса, калган акча кимге кайтарылат?
333. Түкүрүктөгү кан түкүрүктөн аз болсо, даарат бузулабы?
334. Умранын тавафын жунуб абалда аткарса, ага кандай жаза милдеттүү болот?
335. Кайсы учурда гусул алуу парз болот?
336. Бадал ажылыктагы таматту же кыран дамын ким өтөйт?
337. Түшүн эстебеген адам ойгонгондо маниге окшош нымдуулук тапса, эмне кылат?
338. Арафаттагы вукуф жарактуу болушу үчүн адам кандай абалда болушу керек?
339. Пайгамбарларда «сыдк» сыпаты эмнени билдирет?
340. Орозо айт күнү айдын киргени түштөн кийин аныкталса, намаз качан окулат?
341. Жунуп адамдын мечитке кирүүсүнүн өкүмү кандай?
342. Намаздын убактысы кире электе айтылган азандын өкүмү кандай?
343. Ахли сүннөт боюнча Аллах Тааланын калам сыпаты кандай түшүндүрүлөт?
344. Ажылык айлары кире электе ажылык ихрамына кирүүнүн өкүмү кандай?
345. Эгерде Муздалифада вукуф кылбаса, ага кандай жаза милдеттүү болот?
346. Таматту менен кыран ажылыгынын негизги айырмасы эмнеде?
347. Өлтүрүлгөн аңдын наркы кайсы жердин баасы боюнча аныкталат?
348. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы даараттын фарздарынын бири эмес?
349. Кайсы амал намаздын ички парздарына кирбейт?
350. Жыныстык катнашта мани чыкпаса да гусул алуу милдеттүүбү?
351. Мадина тараптан келген адамдын микаты кайсыл?
352. Мухрим колунун тырмактарын алып, бутунун тырмактарын албаса, жазасы кандай?
353. Ирак тараптан келген адамдын микаты?
354. Кайсы учурда башка адамдын атынан бадал ажылык кылууга уруксат берилет?
355. Мусапыр имам эки рекеттен кийин салам бергенде мукимдерге эмне дейт?
356. Кулагынын же куйругунун үчтөн биринен азы жок малдын өкүмү кандай?
357. Таш атууда кандай дуба айтылат?
358. Мусапыр багымдат, шам жана витир намаздарын канча рекет окуйт?
359. Куба мечитин зыярат кылуу үчүн кайсы күн өзгөчө айтылган?
360. Далил келтирүү аркылуу алынган акыл илими кандай аталат?
361. Башы менен ишарат кыла албаган адам айыкса, канча намазга чейин каза кылат?
362. Ихрамда жыпар жыттуу самын колдонсо болобу?
363. «Аллах Таала жаратылгандарга окшобойт» деген принцип кайсы сыпат менен түздөн-түз байланыштуу?
364. Ажы адам ажылыктын амалдарын бүтүргөндөн кийин кайсы жерге баруусу мустахаб деп айтылган?
365. Оорулуу адам башы менен ишарат кыла албаса көзү же кашы менен ишарат кылабы?
366. Кыран кылган адам умранын тавафы менен саъйын бүтүргөндөн кийин эмне кылат?
367. Күн батып жатканда ошол күндүн аср намазын бүтүрүүгө болобу?
368. Муздалифада шам менен куптан кандай азан жана икамат менен кошуп окулат?
369. Мусапыр бир жерде он беш күндөн аз калууга ниет кылса, намазды кандай окуйт?
370. арафатта дааратсыз турса болобу?
371. Негизги пикирде (матнда) мухрим хижама үчүн башынан чач кырса, жазасы кандай?
372. Мухримдин гусул алып, үйдүн же чатырдын көлөкөсүндө отуруусунун өкүмү кандай?
373. Истихаза мезгилинде аял кишиге кайсы иш-аракетке тыюу салынат?
374. Саъй кайсы жерден башталат?
375. Эгерде ихрамдагы адам беш манжасынын тырмактарын алып койсо кандай жаза болот?
376. Кыран кылган адам Меккеге кирбей түз Арафатка кетсе эмне болот?
377. «Адамдын амалын Аллах жаратат» деген сөздү матуридийлер кандай түшүндүрүшөт?
378. Хайзы келген аял куран китебин кармаса болобу?
379. Бардык хади малдары кайсы жерде союлат?
380. Жол аман болбосо ажылык парз болобу?
381. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы дааратты бузат?
382. "Жамарат" деген эмне?
383. Мутаватир кабар кандай илимди пайда кылат?
384. Ихрамын унуткан адам вукуфтан кийин, чач алдырбай катнаш кылса, жазасы кандай?
385. Парз намазга ниет кылганда кайсы намаз экенин аныктоо керекпи?
386. Истихаза мезгилинде аял киши намазды кантип окуйт?
387. Мусулманга такфир өкүмүн берүүдө кайсы принцип кармалат?
388. Ажылыктын өзүнө тиешелүү саъй канча жолу аткарылат?
389. Ишарат менен намаз окуганда руку менен сажда кандай айырмаланат?
390. Сафа менен Марвада намаз окууга болобу?
391. Хайз учурунда аялга кайсы амалдардын баарына тыюу салынат?
392. Саъйдын жети жүрүшүн үзгүлтүксүз аткаруу шартпы?
393. Жүрүп бараткан кеменин багыты өзгөрсө, намаз окуган адам эмне кылат?
394. Тавафта Рукн Яманиге жеткенде кайсы амал сүннөт?
395. Мусапыр сапарда өткөргөн төрт рекет намазды үйүнө келгенден кийин канча рекет каза кылат?
396. Таш атуудан мурун чач алууга болобу?
397. Намаздын биринчи рекетинде унутуп сүйлөп алса, өкүмү кандай?
398. Мүйүзсүз же бычылган мал курбандыкка жарайбы?
399. Бала балагатка жетпей аткарган ажылыгы кийин парз ажылыктын ордуна өтөбү?
400. Таматтуъ жана кырандын хадийси кайсы күнү союлат?
401. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы беш сезимдин бири эмес?
402. Мухрим эркек үзүр менен тигилген кийимди бир күн кийсе, жазасы кандай?
403. Пайгамбарлык акыл тарабынан кандай түшүнүлөт?
404. Асыр намазынан кийин күн батканга чейин жаназа намазын окуса болобу?
405. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы маани сыпаттарынын бири эмес?
406. Күн так төбөдө турган учурда жаназа намазын окуунун өкүмү кандай?
407. Микатты ихрамсыз өткөн адам тавафты баштаардан мурда микатка кайтып келип ихрамга кирсе эмне болот?
408. Намазында биринчи жолу шекке түшкөн адам эмне кылат?
409. "Зиярат тавафы" качан жасалат?
410. «Хаят» сыпаты кайсы маанини билдирет?
411. Саъй учурунда тамактануунун өкүмү кандай?
412. Харам аймагында өзүнөн-өзү өсүп чыккан даракты кесүүнүн өкүмү кандай?
413. Мутаватир кабардын негизги шарты кайсы?
414. Таваф кабанын кайсыл жагынан башталат?
415. Тавафус-садрды дааратсыз аткарса, ага кандай жаза милдеттүү болот?
416. Аллах Тааланын сыпаттарын жаратылгандардын сыпаттарына окшотуу кандай натыйжага алып келет?
417. Ихрамдагы адам аңды жарадар кылып, жүнүн жулуп же денесинин бир мүчөсүн кесип салса, ага кандай жаза милдеттүү болот?
418. Жамаратка ыргытылуучу таштын сүннөт өлчөмү кандай?
419. Даарат алдымбы же жокпу деп өмүрүндө биринчи жолу шек кылуу?
420. Мусапыр бир жерде он беш күн калууга бекем ниет кылса, өкүмү кандай?
421. Ихрамдагы адам эки колтугунун түктөрүн толугу менен алып салса, ага кандай жаза милдеттүү болот?
422. Ханафий мазхабында эркектер үчүн багымдат намазын кайсы убакта окуу абзел?
423. Ифрад менен кырандан кайсынысы абзел?
424. Мухрим колтугундагы түктөрдү толугу менен алса, ага кандай жаза милдеттүү болот?
425. Муздалифада түнөөнүн өкүмү кандай?
426. Кайсы намаздарга азан жана икамат айтуу сүннөт муаккада?
427. Тавафус-садр макка элине важипби?
428. Кыранда умра тавафына чейин жыныстык катнаш болсо, өкүмү кандай?
429. Ихрамга кирерден мурун гусул алуунун өкүмү кандай?
430. Тавафус-садрдын үч айлануусун аткарбай калтырса, ага кандай жаза милдеттүү болот?
431. Кыбыланы билбеген жана сурай турган адамы жок киши эмне кылат?
432. Дааратта тартип менен үзгүлтүксүз алуунун өкүмү кандай?
433. Мусапыр бир жерде он беш күндөн аз калууга ниет кылды?
434. Даарат алгандан кийин кайсы зикирди айтуу сүннөт?
435. «Акыдаи Насафиянын» жалпы усулу кайсы жоопто туура берилген?
436. Аял киши талбияны кандай үн менен айтат?
437. Ихрамдагы адам бир мүчөсүнө толугу менен жыпар жыттуу зат сүйкөсө, кандай жаза милдеттүү?
438. Сапарда касыр окуу кайсы парз намаздарга гана тиешелүү?
439. Саъйди түнкүсүн кылса болобу?
440. Нафил намаздарды отуруп окуса болобу?
441. Аял бир күн гана кан көрүп, андан кийин кайталанбаса, бул эмне?
442. Муздалифада туруу кайсы намаздан кийин болот?
443. Сапарда унаада отуруп нафл намазын окуса болобу м: автобуста?
444. Меккеге кирүүнү ниет кылбаган афакий микаттан ихрамсыз өтсө, дам керекпи?
445. Мухримдин вукуфка чейин унутуп же атайылап катнаш кылуу өкүмдөрү айырмаланабы?
446. Бутту дааратта жууганда томуктарды жуунун өкүмү?
447. Ихрамдагы адам битти же чегирткени өлтүрүп койсо, ага кандай жаза милдеттүү болот?
448. Мухрим жылан, чаян, чычкан сыяктуу зыяндуу жандыкты өлтүрсө болобу?
449. Насафий боюнча акыл аркылуу түздөн-түз түшүнүлгөн нерсе кандай илим деп аталат?
450. Ихрамдагы адам башындагы чачынан бир аз кыркып салса кандай жаза болот?
451.Он үчүнчү күндүн таңы атканга чейин Минадан чыгып кетсе, ошол күндүн ташы милдеттүүбү?
452. Хайз учурунда окулбай калган намаздарды эмне кылат?
453. Бир күндүк жамараттардын баарына таш атпай калса, кандай жаза милдеттүү?
454.Шарттары толук жана махрамы бар аялын күйөөсү парз ажылыктан токтото алабы?
455. Пайгамбарыбыздын кабырына жакындаганда канча аралыкта туруу айтылган?
456.Ханафий мазхабында эки парз намазды чыныгы бириктирүү кайсы жерлерде болот?
457. Ажылыкка кетүүчү каражат эсептелгенде үй-бүлөнүн напакасы кайсы мөөнөткө чейин камтылат?
458. Азан айтууда азанчынын даараттуу болушунун өкүмү кандай?
459. Тарвия күнү Минада кайсы намаздан баштап кайсы намазга чейин окулат?
460. Дааратсыз адамдын Мусхафка тийбестен Куран аяттарын окуусунун өкүмү кандай?
461. Көзү сокур мал курмандыкка жарайбы?
462. Ихрамда тырмакты алуунун өкүмү кандай?
463. Ханафий мазхабында эркектердин багымдатты исфарда окуусунун өкүмү кандай?
464. "Муздалифа" деген эмне?
465. Арафаттагы вукуф үчүн даараттуу болуу шартпы?
466. Хайз абалындагы аял микатка жеткенде ихрамга кандай кирет?
467. Муъжизанын негизги өзгөчөлүгү кайсы?
468. Үч жамараттын туура аталыштары кайсылар?
469. Сафа дөңсөөсүнө чыкканда кайсы тарапка жүз бурулат?
470. Күндүз вукуфка турган ажынын Арафатта күн батканча калуусунун өкүмү кандай?
471. Саъйида аял жашыл белгилердин ортосунда кандай жүрөт?
472. Ихрамдан чыгууда аял чачынын учтарын канча өлчөмдө кыскартат?
473. "Тальбия" эмнени билдирет?
474. 11-зулхижжада үч жамаратка таш атуунун сүннөт убактысы кайсы?
475. 12-зулхижжада үч жамаратка таш атуунун сүннөт убактысы кайсы?
476. Ханафий мазхабында аялга жөн гана кол тийгизүү дааратты бузабы?