"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 24.04.2026
  • |

7 дубан аксакалдары Азирети Муфтийдин кабыл алуусунда болду

Бүгүн, 24-апрель күнү «Кыргызсан Аксакалдар Кеңеши» коомдук бирикмесинин ардактуу мүчөлөрү Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун кабыл алуусунда болушту. Кыргызстан Аксакалдар кеңешинин төрагасы Өмүрбек ажы Үмөталиев баштаган аксакалдар жамааты Азирети Муфтийдин ишмердүүлүгүн жогору баалашты.

«Урматтуу Муфтий мырза! Бул жерге өлкөнүн 7 дубанынан атайын аксакалдар келип олтурабыз. Сиздин ишмердүүлүгүңүздү байкап, «эң жакшы» деген бааны беребиз. Мына, жакында эле көзү өтүп кеткен Азирети Муфтийлердин кабырларын зыярат кылып, Куран түшүрүп, үй-бүлөлөрүнөн кабар алдыңыз. Аймактарда 50-60 жылдап динге мээнет кылган ардактуу аалым-молдолорду атайы зыярат кылып, сыйлык-белектериңизди берип, урматтарын жайына коюп жатасыз. Өзбекстанга болгон сапарыңыз да абдан жемиштүү жана жеңиштүү болду. Бүгүнкү күндө биздин коомдо алсыз абалга келген аксакал институтун көтөрүүгө салым кошуудасыз. Сиздин ар бир ишиңизди интернеттен байкап, алкап олтурабыз. Биз жалпы Кыргызстан аксакалдарынын атынан ыраазычылык билдирип, ак батабызды берип коёлу деп келип калдык. Анткени сиз коомдогу ынтымакты бекемдөөгө жана диний маданиятты жогорулатууга ат көтөргүс салым кошуп жатасыз», – деди аксакалдардын бири.

Өз кезегинде Азирети Муфтий ат арытып, жол карытып атайын жолугушууга келген аксакалдарга ыраазычылыгын билдирди: «Карысы бардын ырысы бар» дейт кеменгер кыргыз. Башыбызда сиздердей аксакалдардын болгону кандай жакшы! Бир аз ката кетирип алсак, улуулук кылып кеңеш берип, акыл-насаат айтасыздар. Азыраак жакшы иш кылсак, көбүрөөк алкап дуба берип, сөөгүбүздү агартасыздар. Дайыма төрүбүздүн көркү болуп, баш-көз болуп жүрө бериңиздер. Жаратканым сиздерге берекелүү өмүр, дөөлөттүү карылык берсин».

Жолугушуу соңунда Азирети Муфтий аксакалдарга чакан белектерин берсе, аксакалдар жамааты КМДБ жетекчисине бирикменин атайын төш белгисин тапшырышты.