“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Сүйүктүү пайгамбарыбыз (с.а.в.) илгери өткөн үч жөөттүн окуясын айтып берет. Икаяда малынын зекетин бербегендердин бир күнү зекет ала турган абалга түшүрүү менен жазаланышы мүмкүн экенин айтып, үммөтүн эскерткен.
Жөөттөрдүн арасында ала оорулуу (абрас), таз жана сокур үч киши бар эле. Алла Таала аларды сынагысы келип, бир периште жөнөттү. Периште алгач ала оруулууга келип, «Эң көп каалаганың эмине?», – деди. Ал: «Жарашыктуу өң-келбет, келбеттүү тери. Ушу адамдар жийиркенген акыбалымдан кутулгум келет», – деп жооп берди. Периште алаканы менен сылады эле, заматта жарашыктуу адамга айланды. Периште: «Дагы эмнени каалайсың?», – деди. «Төө», – деди алиги келбеттүү кишиге айланган неме. Ага он айлык бооз төө берилди. Периште: «Алла сага төөнү берекелүү кылсын», – деп анын менен коштошуп жүрүп кетти.
Периште андан соң таз кишиге келип, «Эң көп каалаганың эмине?», – деди. Таз: «Жарашыктуу чач. Адамдар жолобогон таздыгымдан кутулгум келет», – деди. Периште анын да башынан сылады. Заматта кундуздай кулпурган кара чач чыкты. Периште: «Дагы эмнени каалайсың?», – дегенде, «Уй», – деп жооп берди жанагы киши. Ага да бооз уй берилди. Периште: «Кудайым кутту кылсын, малың жугумдуу, берекелүү болсун», – деп алкап, жолго түштү.
Периште бул жолу көрдүн жанына келип, «Эң көп каалаганың эмине?», – деп сурады мурунку суроосун кайталап. «Алла Тааламдын мурунку көздөрүмдү кайтарып беришин ушунчалык каалайм. Көзүм менен адамдарды көргүм келет», – деди. Периште аны да сылады. Көр да жакшынакай көрүп калды. Андан соң периште, «Дагы эмнени каалайсың?», – деди. Ал: «Кой», – деп жооп берди. Ага да төлдөөгө ылайыктуу бир кой берилди. Көп өтпөй төө да, уй да, кой да тууду. Абдан берекелүү болду. Бирөөнүн өрөөн толгон төөсү болду. Экинчисинин өрүш толгон ую, үчүнчүсүнүн жайыт толгон кою болду. Абдан байышты алиги үчөө.
Күндөрдүн биринде периште өрөөн толгон төөлүү байга келди. Бирок бу жолу анын мурунку кебетесин эстетчү ала орулуу адам кейпинде келди. «Жакырмын, үйүмө жеткидей күчүм жок. Барчу жериме Алланын уруксаты, сенин жардамың менен гана жете алам. Бир аз жардам кыл. Сени бай жана келбеттүү кылып жараткан Алла үчүн бир төө бер», – деп жалбарды периште. Жарашыктуу бай кабагын чытып: «Тапкан экенсиң бекер төө кармата койчу кишини! Бар, мал берчү кишини башка жактан изде!», – деди ачуулуу. Периште: «Сен мага тааныш учурап жатасың. Сен мурда адамдар жийиркенген ала оруулуу жакыр элең. Анан Алла Таала илдетиңден айыктырып, дөөлөттүү кылган киши эмессиңби?» – деди. Бай: «Жок! Бу малдар атамдан калган мурас!» – деп чаңырды. Периште: «Эгер жалган айткан болсоң, мурунку кейпиңди кийип кал!» – деп каргап жолго чыкты.
Андан соң өрүш толо ую бар байга келди периште. Бирок, байдын эски кейпин кийип, таз болуп кубулуп байга салам берди. Андан да жардам тиледи. Бул да мурункунун айткандарын кайталады. Периште аны илдеттен айыктырып, байлык берген Алла үчүн жалбарса да болбой, «Атамдан калган дөөлөт!», – деп жанын жеди. Периште: «Эгер жалган айткан болсоң, мурунку кейпиңди кийип кал!» – деди.
Периште бу жолу кою көп байдын ак өргөлүү үйүнө тийди. Көр болуп кубулуп, «Жакыр мусаапырмын, узак жолдон келатам. Жүрүүгө дарманым да, оокатым да калбады. Алланын уруксаты, сенин жардамың менен барчу жериме жетип алайын. Көзүңдү кайтарган кудай үчүн азыноолак жардам бер», – деди жалбарыңкы. Муюп угуп турган бай: «Мурда чын эле колумда жок сокур элем. Алла Таалам көзүмдү кайтарып, ашкан байлык берди. Алдагы жайылган койлордон каалашыңча ал, каалаганың ташта. Канча алсаң да ыраазымын», – деди.
Периште: «Малың өзүңө буюрсун. Бул силер үчүн сыноо болчу. Алла сага ыраазы болду. Берки жолдошторуңду азаптады», – деди (Бухари. Анбия, 51; Муслим. Зухд, 10).
Которуп даярдаган: Иманбек Азизилла уулу, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси