«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Муфтият | 21.08.2026
  • |

НАМАЗ ЖАНА ПСИХОЛОГИЯ

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен...

Намаз – ар кыл түрдүү багыттарды, ар башка өлчөмдөрдү өзүнө камтыган ибадат. Ал сырткы көрүнүшү, психологиясы жана аң-сезимдик жактары менен бир бүтүндүктү түзөт. Намазда белгилүү кыймыл-аракеттерди аткаруу, белгилүү аяттарды жана дубаларды окуу талап кылынат. Ошондой эле намаз окуган адам эмне кылып жатканын, эмнелерди окуп жатканын аңдап-түшүнүп, намазын ырахат жана канааттануу менен окушу зарыл. Каалабай, аргасыздан же Алланын ыраазычылыгынан башка максаттарды көздөп окулган намаз кабыл болбой калуу мүмкүндүгү, мындай адамдын акыретте жазага тартылып калуу ыктымалдыгы Куранда белгиленет (Караңыз: Маъуун, 4-7).

Намаз адамдын бүтүндөй психологиялык түзүлүшүнө таасир этет. Намаздын сырткы көрүнүшүнүн, анда окулган аяттар менен дубалардын адамдын аң-сезиминде жана ички дүйнөсүндө жараткан руханий-эмоционалдык абалынын, ошондой эле намаздын таасири астында адамдын мамилесинде, жүрүм-турумунда, дегеле анын бүтүндөй инсандык дүйнөсүндө пайда болгон өзгөрүүлөрдүн психологиялык жактан талданышы өтө маанилүү.

Биз бул жерде дал ушундай талдоого кыскача токтолуп өтүүгө аракет кылабыз.

Намаздын сырткы көрүнүшү

Намаз окууга киришүүдөн мурда ага даярдык көрүлөт. Эгер адам дааратсыз болсо, алгач даарат алат. Даарат алып жаткан чакта бир жагынан денесин тазалап жатса, экинчи жагынан Алладан өзүн кечиришин, коргоосун, жамандыктан жана туура эместиктен оолак кылышын, жакшылыкка багыттоосун тилеп дуба кылат. Ошентип, Алланын алдына дене-бою да, акыл-эс жана ички дүйнөсү да тазаланып, арууланып барууга даярдык көрөт.

Андан соң жабылышы зарыл болгон жерлерин таза кийим менен жаап, Каабаны карай жүз буруп, намаз окууга ниет кылат. Каабага жүз буруу – намаздын шарттарынын бири, Алланын буйругу (Бакара, 144, 149-150). Кааба – Аллага ибадат кылуу үчүн курулган алгачкы ибадаткана (Аали Имран, 3/96). Ал ыйык жай – Аллага кулчулуктун жана Ага жүз буруунун символу.
Мусулман киши мына ушундай руханий-аң-сезимдик абал менен жүзүн да, багытын да Каабага бурат. Андан соң намаз окууга ниет кылганын сөзү менен да билдирип, колдорун көтөрүп: «Аллаху акбар» – «Аллах эң Улук!» – деп намазын баштайт.

Ар бир иш-аракеттин максатын жана баалуулугун аныктаган нерсе – ниет. Ошондуктан ниетсиз намаз болбойт. Мусулман ушундайча дене-бою, акыл-эси жана жүрөгү бир бүтүндүккө келип, дүйнөгө тиешелүү нерселердин баарын артка калтырып, Аллага болгон моюн сунуусун жана Ага болгон урмат-сыйын өзүнүн жүрүш-турушунан, кыймыл-аракетинен даана чагылдырат. Ал кичипейилдик менен башын ийип, колдорун байлап, Алланын алдында турганын терең аңдоо менен намаздагы ар бир кыймылды кылдаттык жана терең урмат-сый менен аткарууга аракет кылат.

Намаздагы сырткы кыймыл-аракеттердин ар биринин өзүнчө мааниси бар. Тик туруу (кыям) – Алланын алдында урмат-сый менен турууну; ийилүү (рукууъ) – Аллага көрсөтүлгөн урмат-сыйдын андан да жогорку баскычын; маңдайды жерге коюу (сажда) болсо – урмат-сыйдын эң жогорку чегин билдирет.

Адам бул кыймылдарды аткарып жатып, аларга ылайык сөздөрдү да айтып, жүрөгүндөгү урмат-сыйын тил менен билдирет: «Субхаана Раббиял-Азийм» – «Улуу Раббим! Сен бардык нерседен Улуусуң»; «Субхаана Раббиял-Аълаа» – «Улук Раббим! Сен бардык нерседен Улуксуң», – деп тасбих айтат. Адам бул сөздөрдү кайра-кайра кайталоо менен бүтүндөй жан-дүйнөсү аркылуу Аллага болгон моюн сунуусун жана урмат-сыйын билдирет. Намаздагы кыймыл-аракеттердин жана айтылган сөздөрдүн маанисин адам аң-сезимине терең сиңирүү – алардын өмүр жолунда өзүнө жол көрсөтүп турган руханий багытка айланышы намаздын негизги максаттарынан.

Намазда эң көп кайталанган «Аллаху акбар» – «Алла Улук!» деген сөз эки рекеттин ичинде 11 жолу айтылат. Мунун максаты – адам ушул улуу сөздүн маанисин жүрөгүнө сиңирип, аны бүтүндөй жүрүм-турумуна жана жашоосуна өкүм сүргөн негизги түшүнүккө айландыруу; дүйнөдөгү мамилелеринде Алладан башка эч бир нерсени же эч кимди теңдеш тутпай, бардык ишинде жалгыз Аллага таянууну жана Анын ыраазычылыгын негизги өлчөм кылып алууну адат кылуу.

Намаздын акыл-эстик жагы

Ой жүгүртүү, пикир кылуу жана акыл калчоо – адамды башка жандуулардан айырмалап турган эң маанилүү өзгөчөлүктөрдөн. Намаз адамга өзүн, кылган жана кыла албаган иштерин, Алланын жана башка адамдардын алдындагы жоопкерчиликтерин, өлүмдү жана өлүмдөн кийинки жашоону, кыскасы, бүтүндөй өмүрүн жана жашоонун маңызын ойлонууга түрткү берет. Ошентип, адамды материалдык дүйнөнүн чегинен чыгарып, руханий жана метафизикалык дүйнөгө жетелейт.

Аллага ишенген адамдын Анын буйруктарын канчалык деңгээлде аткарып жатканын ойлонушунда намаздын орду өзгөчө. Анткени күндүн ар башка мезгилдеринде окулган намаз адамга өзүнө-өзү эсеп берип, абалын таразалап көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Намаз ага Алланы, акыретти, Алланын буйруктарын жана ошол буйруктарды аткаруу жагынан өзүнүн абалын эске салат. Ошентип, ал бир жагынан адамдын көңүлүн тынчтандырып, көкүрөгүнө кеңдик берсе, экинчи жагынан эскертип, ойготот.

Намаз адамды өзүн сын көз менен кароого, өзүн-өзү эсеп-кысапка алууга даярдайт. Адам өзүнүн жүрүм-турумун, мамилесин жана жасаган иштерин ойлонуп, аларга баа берет. Ыйманы менен жүрүм-турумунун ортосундагы дал келбестиктерди, карама-каршылыктарды жана ички тирешүүлөрдү байкайт. Натыйжада өзүнүн жүрүм-турумун Аллага болгон ыйманынын негизинде кайрадан калыптандыруу зарылдыгын мурдагыдан да тереңирээк түшүнүп, бекем кабыл алат.

Намаз учурунда адамдын аң-сезими терс ойлордон алыстап, көңүлүн жакшы нерселерге, көркөм жана жагымдуу нерселерге бурат. Ал жакшы нерселерди ойлоно баштайт. Жакшы, пайдалуу нерселер жөнүндө ой жүгүртүү жана алардын ишке ашышын каалоо намаз бүткөндөн кийин да улана берген ички руханий процесске айланат. Намаздагы ушул оң маанай, албетте намаздан кийин да адамдын аң-сезимине таасирин тийгизип, анын ички дүйнөсүндө өз изин калтыра берет.

Адамдын өзүн да, башка адамдарды да баалуу махлук катары кабыл алышында намаздын таасири чоң. Намаз окуу адамды Алланын алдында кадыр-барктуу кылат деген ишеним аны өзүнө да, башка адамдарга жана жалпы жаратылган бардык нерселерге да жакшы көз караш менен мамиле кылууга үндөйт. Ошентип, адамдын дүйнө таанымы оң нукка өзгөрөт, жашоонун маңызын тереңирээк түшүнө баштайт жана тоң моюнчул же нааразы маанайга берилбейт. Аалымдар айткандай, «Жашоого болгон көз карашыбыз, өзүбүзгө берген маани-маңызыбыз жана баалуулук түшүнүгүбүз жалпы жонунан руханий жана дене саламаттыгыбызга да таасир этет».

Адам намаз окуу аркылуу Алланын буйруктарынын бирин аткарып жатканын жана Алла менен болгон мамилесинин туура нукта экенин сезет. Мына ушул аң-сезим анын өлүмдөн кийинки жашоого байланышкан ашкере санаасын жана ашыкча коркуу сезимин азайтат.

Намаздын сезимдик жагы

Адамдын жашоосунун ар бир көз ирмеминде бир нече түрдүү сезим катар жашап турат. Жүрөк сезимдердин борбору катары кабыл алынат. Адамдын ыйманы, ибадаты жана башка бардык иш-аракеттери акыл-эс менен да, жүрөк менен да тыгыз байланышта. Бирок айрым адамдарда акыл-эс жагы басымдуураак болсо, кээ бирлеринде сезимдик тарабы күчтүү болуп, көбүрөөк таасир этиши мүмкүн.

Намазда сүйүү жана урмат-сый сезимдери менен катар коркуу сезими да маанилүү орунду ээлейт. Бирок бул жердеги коркуу – сүйүүгө жана урмат-сыйга негизделген, Алланын сүйүүсүнөн жана ыраазычылыгынан ажырап калуудан кооптонуу сезиминен жаралган коркуу.

Адам өзү абдан жакшы көргөн бирөөгө жагууну кааласа, анын каалоолорун колдон келишинче жогорку деңгээлде аткарууга аракет кылат эмеспи. Ошол сыяктуу эле Аллага ишенген жана Аны баарынан артык сүйгөн момун да Алланын буйруктарынын бири болгон намазды Ага жагуу, Анын сүйүүсүнө жана ыраазычылыгына жетүү үчүн чын жүрөктөн, каалоо жана берилүү менен окуйт.

Башкача айтканда, Куранда баса белгиленгендей, намазын хушуъ менен окуйт (Муминуун, 23/1-2). Намаз окуп, Алланын буйругун аткарганына сүйүнөт, көңүлү жай таап, көкүрөгү кеңээт. Ал эми ар кандай себептерден улам намаз окуй албай калган учурда Алланын буйругун аткара албай калганына кайгырып, тынчсызданат. Бул кайгы менен кооптонуу Алланын ыраазычылыгынан ажырап калуудан, ошондой эле акыретте сооптон куржалак калып, жазага тартылып калуудан коркуу сезиминен улам пайда болот.

Намаз адамдын өздүк аң-сезиминин калыптанышында жана анын тең салмактуу мүнөзгө ээ болушунда, ошондой эле диний жана коомдук сезимдеринин бекемделишинде маанилүү роль ойнойт. Тактап айтканда, намаз адамдагы өзүн башкалардан жогору коюу же өзүн төмөн сезүү сыяктуу сезимдерди алдын алууга жана аларды көзөмөлдөөгө жардам берет. Намазда адам маңдайын жерге коюп, Алланын Улуулугун даңазалоо менен Анын алдында өзүнүн алсыз жана муктаж экенин сөзү менен да, кыймыл-аракети менен да билдирет.

Намаздан кийин кылган дубаларында да өзүнүн көптөгөн маселелерде алсыз, чарасыз экенин моюнга алып, көйгөйлөрүнүн чечилишин, кыйынчылыктарынын жеңилдешин Алладан тилейт. Ошентип, адам өз күчүнүн канчалык чектелүү экенин терең аңдайт. Мындай аң-сезим менен намаз окуган адам, албетте өзүн башкалардан жогору көрө албайт, текебердикке жана бой көтөрүүгө жол бербейт.

Ошол сыяктуу эле мечитте бай-кедей, жетекчи-кызматкер, жумушчу-жумуш берүүчү, мугалим-окуучу болсун, айтор коомдун ар кыл катмарынан болгон адамдардын бир сапта, ийиндешип намаз окушу адамдын аң-сезиминде Алланын алдында бардык адамдар тең деген түшүнүктү калыптандырат жана аны өзүн төмөн сезүү сезимине берилүүдөн сактайт. Мындай момун намаз аркылуу өзүн төмөн сезүүдөн да, өзүн башкалардан жогору коюудан да арылып, экөөнүн ортосундагы жөнөкөйлүккө жана кичипейилдикке негизделген тең салмактуу мүнөзгө ээ болот.
Ошондой эле намаз – адамды жоктон бар кылган да, ага ээ болгон бардык нерсесин берген да Алла экенин дайыма эсинде жаңыртып туруунун бир каражаты. Мындай аң-сезим менен жашаган адам Аллага көп шүгүр кылат, жакшылыктарды барктабаган шүгүрсүздүккө жол бербейт жана жашоого карата жакшы, оң маанайдагы сезимдерди өрчүтөт.

Намаз адамдын өзүн күнөөкөр сезип, айыптуулук сезимине алдырып коюусуна да бөгөт болот. Момун – бир жагынан намаз учурунда окуган аят-дубалары менен, экинчи жагынан намаздан кийин кылган тообосу жана кечирим тилөөсү аркылуу Аллага жүз буруп, Анын өзүн кечирерине ишенген адам. Момун мына ушундай үмүт менен намазын окуйт жана эч качан өзүн ашыкча күнөөкөр, айыптуу көргөн сезимдердин туткунуна айлантпайт.

Намаздын мээрим сезими менен да өтө тыгыз байланышы бар. Ал адамдын жүрөгүндөгү мээрим сезимин дайыма сергек жана жандуу кармап турат. Адам күнүмдүк жашоосунда туш болгон окуялар, айланасында жана дүйнөдө болуп жаткан ар кандай көрүнүштөр кээде анын ачуулануу, жек көрүү сыяктуу терс сезимдерин козгойт. Мындай учурда сүйүү жана мээрим сезимдери көмүскөдө калып калат.

Дал ушундай учурларда кыска аралык менен кайра-кайра окулган намаз өзүнүн руханий таасирин көрсөтөт. Мээрим кайрадан алдыңкы орунга чыгат. Момун Аллага жүз буруп, ачуусун басат. Бисмиллада да, Фатихада да кайталанып окулган «Рахман» жана «Рахийм» деген Жараткандын чексиз ырайымын жана мээримин туюнткан улуу ысымдар адамдын өзүн да мээримдүү болууга үндөйт.
 

Которуп даярдаган: Иманбек Азизилла уулу, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси